Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан тапшырылган 305 ноутбук мугалимдердин сабактарды заманбап технология менен өткөрүүсүнө шарт түздү. Анын ичинде Соң-Көл мектебинин башталгыч классынын мугалимдери да жаңы ноутбуктар менен камсыз болду.
Ноутбуктар мугалимдердин билим берүү процессин санариптештирүүгө, сабактарды заманбап технологиялар менен өткөрүүгө жана электрондук ресурстарды эффективдүү пайдаланууга шарт түзөт. Бул долбоордун негизги максаты – мугалимдердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана окуучулар үчүн сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Алтын казык» программасынын алкагында Кочкор районунун башталгыч класстарында эмгектенген мугалимдерге 305 даана ноутбук тапшырылды.
Ошондой эле, Төлөк айылындагы Соң-Көл жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалимдери да ноутбуктар менен камсыз болду. Бул мектептеги мугалимдер эми сабактарын интерактивдүү материалдар менен байытып, онлайн платформаларды колдонуу менен окуучуларга заманбап билим берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Агартуу министрлигинин билдирүүсүнө карганда, мындан ары да билим берүү тармагын техникалык жактан камсыздоо жана мугалимдерди санариптик куралдар менен жабдуу иштерин уланта берээрин белгилеген.
Бурул Майрамбек кызы