Тогуз-Торо районунун 90 жылдык мааракесинин алкагында, Каргалык айыл өкмөтүнүн колдоосу менен Казарман айылында мектеп окуучулары арасында хоккей спортун өнүктүрүү, кышкы спортко болгон кызыгууну күчөтүү жана жаштарды сергек жашоого тартуу максатында мелдеш өткөрүлдү
Мелдешке Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев, Тогуз-Торо хоккей лигасынын президенти Турдаалы Аскарбеков, О.Чопиев атындагы райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Анарбек Атыканов, райондук спорт инструктору, мугалимдер, машыктыруучулар, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты.



Райондогу 5 мектептин хоккей командалары күч сынашып, кызыктуу жана курч оюндар көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулады. Ошондой эле жеңишке жетишкен окуучулар «Макмал Голд» райондук командасы менен достук мелдеш өткөрүштү.

Мелдештин жыйынтыгында:
1-орун — Бирдик жалпы билим берүү мектебинин командасы
2-орун — Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүү мектебинин командасы
3-орун — Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүү мектебинин командасы
Жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана дипломдор тапшырылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясы тарабынан бөлүнгөн хоккей формалары жана керектүү спорттук шаймандар Тогуз-Торо хоккей лигасынын президенти Турдаалы Аскарбеков тарабынан О.Чопиев атындагы райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине расмий түрдө тапшырылды.

Даярдаган: Анара Мааметова