Суу караган көзгө жөнөкөй көрүнгөнү менен ал өзүнө көптөгөн сырды катып келет. Жер планетасынын 70% суу каптап турганы менен жыл өткөн сайын таза сууга жетүү кыйындап келет. Нарын районуна караштуу Оттук айылында да суу түтүкчөлөрүнүн эскилигинен улам таза суу бат-баттан токтоп турат.
Айыл жергесинде суунун токтоп калуусу элге терс таасирин тийгизет. Айылдын суу түтүкчөлөрүнө быйыл 40 жылдын тегереги болот. Суу башчысы Шадыбек Чүмөдөев аларды алмаштырууга акча каражаты бөлүнбөй келгенин айтат:
«Биздин трубалар жаңыланбай жатат. Сынып калган жерлери гана алмашылып турат. Салынган жылдардан бери эч бири алмашыла элек. Трубаларды жаңылатуу үчүн мамлекет тарабынан акча каралуусу керек. Калганы элден чогулган акча менен ремонтолуп турат. Жарылып, суу токтоп калганда, аны каздырып кайра көмдүргөнү да баары элден чогулган акча менен жазалат. Айылда калктын 90 % үйүнө суу кирген. Элден чогулган акча тыйын налогко, соцфондко төгүлүп турат «.
Айыл эли таза сууну үйүнөн колдонушат. Айыл тургуну Динара Исмаилова айтуусунда суу түтүкчөлөрүнүн эскилигинен дайыма суусуз калышат.
«Таза суу биздин күнүмдүк колдонулуучу эң керектүү азык болуп эсептелет. Таза сууну бир күндө ченеп көргөн эмеспиз. Бирок болжолдуу түрдө 500 литрдей колдонулат. Негизи көп эле колдонобуз. Суунун токтоп калуусу бул биздин Оттук айылы үчүн эң чоң көйгөйлүү маселелердин бири. Бул түтүкчөлөр Советтер Союзу учурунда курулган. Темир труба болгондуктан бүгүнкү күндө дат басып, эскилиги жеткен. Бизде бир кышта эле 6-7 жолу жерден жарылып, бизге көп көйгөй жаратып келди»,- дейт Динара Исмаилова.
Буга чейин таза сууга айыл тургундары 100 сомдон чогултуп келишсе, февраль айынан баштап айына 150 сомдон чогултушат. Ал эми чогулган акча кайра эле түтүкчөлөрдү оңдоп түзөөгө жумшалат.
Айыл тургундары суу токтоп калганда арыктагы суудан ичүүгө аргасыз болушат. Ал сууну мал кечип, мал ичкендиктен мите курттар көп кездешет. Ал эми таза суу деп колдонулуп келген сууну атайын текшерүүдөн да өткөрүп көрүшкөн. Ал сууда дагы мите курттар, майда балырлар бар экени байкалган.
«Биздин айылдын суусун текшертип кир экенин байкадык. Атайын аппарат аркылуу текшерип беришти. Сууда курттар, балырлар бар экени, ылай экени байкалган. Суунун токтоп турушуна өтө жаман карайбыз. Мамлекет жак карап беришсе жакшы болот эле. Бат-бат текшерип турса элге пайда болот эле»,- дейт Апралиева Гүлбүбү апа.
Ар бир айылдын калкы суунун акысын төлөп, суу түтүкчөлөрүн жаңылантып алмаштыруусуна өбөлгө түзүүсү шарт.
Гүлнара Кенжеш кызы