11-классынын бүтүрүүчүсү Кундуз Таалайбекова бала кезинен бери эле аскер кызматкери болууну самап келген. Анын тандоосуна жеке эле үй- бүлөсү эмес, сырттагы адамдар да каршы болгон. Бирок ага карабастан Кундуз тандаган кесиби боюнча сынамык тесттерге даярданып келет.
“Мен кичине кезимден баштап эле аскер кызматкери болууну каалачумун. Туура, аскер болуу оңой эмес. Бирок бул кесипти тандаганымдын себеби, биринчиден кыздар өзүнө карата көрсөтүлгөн зомбулукка каршы тура алышы үчүн, өзүн коргой алышы үчүн, экинчиден, Мекенге коргоо үчүн. Бизге бала кезден эле, кыздарга аскер кызматкери болгонго болбойт, алар эркек балдардын коргоосуна муктаж деген түшүнүктөрдү айтып келишкен. Бирок мен муну менен макул эмесмин.”
Кундуздун тандаган кесибине алгач үй- бүлөсү каршы болгон. Анын айтымында, сырттагы адамдардын каршы болушу аны аябай таң калтырган.
“Кесип тандоо азыркы учурда көптөгөн кыйынчылыктарды жаратып келет. Себеби, тандаган кесибиңди үй бүлөң дароо колдобойт. Мен өзүм кичинемден бери эле спортко жакын болгондуктан, аскер кызматкери болууну тандап алдым. Үй бүлөм менин тандоомо башында каршы болушту. Бул жумуш кыздарга ылайыктуу эмес, кыйын, болбойт башка кесип тандашын керек деген сөздөр болду. Бирок эң тангалыштуусу менин үй бүлөмдөн дагы сырттагы адамдар көбүрөөк каршы чыгышты.”
Кундуз эл арасында калыптанып калган айрым түшүнүктөрдү четке кагат. Кыздардын аскер кызматкери болуусу ал үчүн маанилүү экенин баса белгилейт.
“Азыркы учурда элдерде эмнегедир “военный“ дегенде элге алдамчы, өз ишин так аткарбаган киши ойлоруна келет экен. Бул стереотиптерди башкача көз караш менен карасак жакшы болмок. Аскер кызматкери болуу мен үчүн ар кандай оор кырдалдагы маселелерди чече билүү, эли жерин коргой алган аскер болуу. Эгерде адам алдына койгон максатка туура кадам таштай турган болсо, анда анын кыялы ишке ашат деген ойдомун.”
Кесип тандоодогу эл арасында калыптанып калган түшүнүктөр өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Гендердик эксперт Бактыгүл Исланбекова кесип тандоодогу көз караштар тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
“Кесип тандоодогу стереотиптердин ролу абдан чоң, кыздар коомдогу стереотиптердин айынан көбүнчө маянасы аз болгон кесиптерди тандап алышат: мисалы аялдардын курамы билим берүү, саламаттык сактоо жана тейлөө чөйрөлүндө аялдардын курамы басымдуу, ал эми маяна көп төлөнүүчү — инженерия, тоо кендерин казуу, финансы жана башка кесиптердин ээлеринин арасында эркектер басымдуулук кылат.”
Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө (2009-жылдын 9-февралы № 43) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык эркектер милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан өтүү милдети болсо, он тогуздан кырк жашка чейинки курактагы аялдар, Кыргыз Республикасынын жарандары тынчтык убакытта аскердик каттоого алынышы мүмкүн жана өз ыктыяры менен аскердик кызматка кабыл алынышы мүмкүн.
“Тилекке каршы, коом, кыздардын лидерлиги менен бирге кыздардын аскердик кызматты тандоосун колдой бербейт. Кыздарды алсыз жана эмоционалдуу деген сыяктуу стереотиптер, алардын «эркектер үчүн» болгон кесиптерде карьера түзүүдө көптөгөн негизсиз терс көз караштар жана стереотиптүү тоскоолдорго кабылышат”,-дейт Бактыгуль Исланбекова.
Алина Сопубекова милиция кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал аскер кызматкери болгонуна эч өкүнбөйт.
“Мен 1993-жылы Бишкек шаарында милиционердин үй-бүлөсүндө туулгам, мектепти аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына тапшырдым. Ал жерден мен өзүмдү тарбиялоого, эмгекчилдикке, адилеттүүлүккө, патриоттуулукка тарбияландым. Түштүктө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде кызмат өтөдүм. Азыркы тапта борбор калаабызда иштеп келем. Мен татаал жолду тандап алганыма эч качан өкүнгөн эмесмин.”
Казан-Куйган айылындагы жергиликтүү бийликтин депутаты Чолпон Ашымова кесип жыныс тандабайт деген түшүнүктү калыптандыруу керек экенин айтат:
“Кесип тандоодо кыздарды мугалим бол же медицина кызматкери бол деген ойду таңуулашат. Кыздардын же балдардын мээлерине кесип тандоодогу стереотиптерди сиңирип, чек коюп, ойлонууга мүмкүнчүлүк бербей келишет. Баланын ой-жүгүртүүсүн талкалашат. Аскер кызматкери болом деген кызга баары тыкырык кылып, мындай кесип тандоосун четке кагып келишет. Ата-энесинин каалоосу менен кесип тандаган кыздар, балдар өтө эле көп.Алар өз жашоосунда бирөөгө көз каранды болуп жашап калышат. Азыркы коомдо кесип тандоо жыныс тандабайт деген түшүнүктү калыптандыруу керек деп ойлойм. Себеби, баланын өз кызыкчылыгы менен тандаган кесиби аны ийгиликке алып барат.”
Кесип тандоодо эл арасында калыптанып калаган түшүнүктөрдөн арылуу, өз каалоосу менен тандоо, сүйгөн кесиптин ээси болуу азыркы келечек муундун алдына койгон максаттарынын бири болуусу керек.
Ветеринар: Кесип тандоодо жаңылган жокмун
Акылай Алмазбекова