Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) алкагында Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагында бир катар маанилүү инфраструктуралык жана экологиялык долбоорлор ийгиликтүү жүзөгө ашырылды.

Бул демилгелер жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртууга жана аймактын инфратүзүмүн өнүктүрүүгө багытталган. Долбоордун алкагында төмөнкүдөй негизги иштер аткарылды.
Ак-Тектир айылынын Кулдаке участкасындагы 4 гектар жер аянтына жаңы көчөттөр отургузулду. Муну менен катар, өсүмдүктөрдү натыйжалуу сугаруу максатында 3 гектар жерге заманбап тамчылатып сугаруу системасы орнотулду. Ултан-Камыш участкасында калың жааган кардын кесепетинен талкаланган 0.03 гектар аянттагы күнөскана (теплица) толугу менен бузулуп, кайрадан оңдолуп түзөлдү. Кара-Күңгөй айылынын Кареис жана Жаңы-Жер участкаларын байланыштырган Узун-Акмат дарыясына узундугу 18 метр, туурасы 4 метрди түзгөн жаңы автоунаа өтүүчү көпүрө салынды.

Жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болду. Программанын шарттарына ылайык, бул коомдук иштерге жергиликтүү калктын ичинен жалпы 89 жаран убактылуу жумуш орундары менен камсыз болду. Аткарылган эмгектин натыйжасында катышуучуларга убадаланган сый акы катары ун, өсүмдүк майы жана акчалай каражаттар берилди. Бул долбоор аймактын социалдык-экономикалык абалын чыңдоодо жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылууда чоң мааниге ээ болду.
Даярдаган: Азема Сабырбекова