Ак-Талаада 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар арасында “Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам” кароо-сынагынын райондук туру өткөрүлүп, анда жаш аткаруучулар ыр, элдик жана жекече бий, элдик сапаптарда ойноо боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Сынактын бий жанры боюнча катышучулары
Сынакка алыскы айылдардан дагы таланттуулар катышты
Бий жанры боюнча катышуучулар өнөр көрсөтүүдө
Элдик аспаптардын коштоосунда жекече ырдоо тапшырмасы
Элдик аспаптардын коштоосунда жекече ырдаган жаш аткаруучу
Балдардын билим борборунун директору Айнура Баязованын айтымында сынактын негизги максаты-Кыргызстандагы жаш таланттуу аткаруучуларды колдоо, алардын чыгармачылык дараметин ишке ашырууга көмөктөшүү жана балдардын чыгармачылыгы аркылуу элибиздин маданиятын таанытуу болуп саналат.
“Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, балдар чыгармачылыгын жайылтуу милдетин камтыган бул сынак жаш курагына ылайык 3 категорияда (7-11, 12-14, 145-17) өттү. Сынакка бардык катышуучулар жакшы даярдыкта келишкенин көрсөтө алышты. Ар бир номинация атайын критерийлер менен бааланды. Жеңүүчүлөр сынактын облустук туруна катышууга жолдомо алышты”,- дейт.
Сынактын соңунда ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө дипломдор, грамоталар тапшырылды.
Сынакты уюштуруу иштерине “Акталаа ынтымак ордосу” коомдук бирикмеси жана Баетов айылынын тургуну Канат Исаев жардам берген. Ал эми жеке ишкер Мурадил Сыдыков демөөрчүлүк кылып, колдоо көрсөттү. Жеке ишкерлер жана айыл тургундары кароо-сынак өтүүчү сахна жасалгасына жардам бергенин кошумчалады Баязова.
Сынак-мугалимдердин изденүүсүнө өбөлгө болот
Жаркынай Тыныбекова