2010-жыл 7-апрель. Он бир жыл артта калган календардагы ушул күн кыргыз тарых бетине трагедия катары кара тамгалар менен жазылып калары турган иш. Авторитардык бийликти кулатууга көтөрүлгөн элге ок атылган. Кагылышуудан бир канча эр азамат атылган октон ажал табышты.
7-апрель 2010-жыл. Ак үй (сүрөт интернеттен алынды)
Ошолордун бири Үсөнбек Камаев болгон эле…
Үсөнбек Камаев «Апрель баатыры»
Үй-бүлөсү
Камаев Үсөнбек Өмүрбекович 1957-жылы 9-декабрда Тоголок Молдо айылында төрөлгөн. 3 жашында атасынан, 17 жашында апасынан ажыраган. Ал 1964-1974-жылдары Баетов айылындагы М.В.Ломоносов (азыркы Ш.Бейшеналиев) атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктап, 1974-1977-жылдары Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында соода кооперативдик техникумун окуп келип, райондук өрт өчүрүү кызматында, чарбалар аралык курулуш уюмунда, райондук даярдоо канторасында жумушчу болуп эмгектенген. Өмүрүнүн акыркы жылдары Бишкек шаарында жашап, соода-сатык менен алектенип келген. Өмүрлүк жубайы Бурул Назарбаева экөө 2 уул, 2 кыздуу болушкан.
Үсөнбек Камаев үй-бүлөсү менен
Кызы Айчүрөк Камаева үй-бүлөсү тууралуу мындай деди:
Айчүрөк Камаева кызы (ортодо)
Бат эле келем…
— Атам өзү жетим чоңоюптур. Таенемдин ден соолугуна байланыштуу Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылына көчүп келип, жашап калдык. 2010-жылы 7-апрелге чукул турмушка чыккам. Ата-энем жолдошумду көрө элек болчу. Өзүм студент болгондуктан 2-апрель күнү окуу куралдарымды алып кетейин деп ата-энемдикине келгем. Келсем, атам «силерди 10-апрелде чакырып отко киргизип, күйөө бала менен таанышабыз» деп өзүнчө кубанып сүйлөп жаткан. Апам 5-апрелде бир туугандарына учурашып келүү үчүн Ак-Талаа жана Ат-Башыга кетет. Үйдө атам, таенем, иним жана сиңдим калышат. 7-апрель күнү атам таенеме «Атамбаевди камап салышыптыр, митингге кеттим, бачым эле келем» деп айтып, кошуналар менен бирге үйдөн чыгып кетиптир. Ал күнү үйгө келбей калат. Таенем балдар менен күтүп отура берет. Апам айылдан 7-8-апрелде келмек экен. Бирок, окуяга байланыштуу жолдор жабылып, келе албай калат.
Издөө…
— Ошентип, 9-апрель күнү жол ачылып апам келсе үйдө атам жок. Иним Сыймык шаар ичинде жүргүнчү ташып иштечү. Ал дагы 9-апрель күнү үйгө барат. Ошондон баштап атамды издей баштадык. Телефон чалсам такыр албай койду. Ооруканаларды кыдырып таппай койдук. Досторунукунда жүрөбү деп аяш аталарыбыздан сурадык. Алар деле «келген жок, көргөн жокпуз» дешет. Таежем «моргго барбайлыбы» десе, иним «эмнеге бармак элек, ал жакта өлгөн кишилер жатат да» деп урушуп коюптур. Эртеси 10-апрель күнү иним «чын эле моргду деле карап коёлучу» деп моргко барышат. Барышса эле моргдо бир нече адамдын денеси жатыптыр. Арасынан атамдын канга боёлгон денесин көрүшүп, бакырып-өкүрүп ыйлашып, иним атамдын денесин өзү жууп, көтөрүп чыгат. Жолдошум экөөбүз Арча-Бешикте жашачубуз. Мага телефон чалышып «үйгө кел, таенең катуу болуп жатат» дешти. Мен «таенем телевизордон өлгөн адамдарды көрүп алып жүрөгү кармап каза болду го» деп үйгө келсем, атамдын өлгөнүн угузушту.
Жүрөккө тийген ок
— Атам менен чогуу чыгып кетип, жанында жүргөн кошуна байке «Жаныбызда эле жүргөн, бир убакта эл бери көздөй кача баштаганда Үсөнбек дагы качпагыла-качпагыла деп ары көздөй чуркап кеткенин бир көрдүм. Андан кийин эмне болгонун билбейм», — деди. Ок жүрөгүнө тийген экен.
Атамды аябай жакшы көрчүмүн
— Атам мени атымдан атабай «кара кызым» деп эркелетип айтчу. Атамды аябай жакшы көрчүмүн. Ал кезде жалпы республикалык тестирлөө жаңы чыгып, биздин айылдан 3 гана окуучу жогорку балл менен бюджеттик окууга өткөнбүз. Ошондо атам аябай сүйүнгөн. Атама «окууну кызыл диплом менен бүтүрөм» деп убада бергем. Окуумду бүтөрүмө 2 ай калганда каза болуп калып жатпайбы. Азыр ошол кызыл диплом канга окшоп көзүмө жаман көрүнөт. Ошондуктан ал кесибим боюнча иштеген жокмун.
Атам башкача адам болчу. Ачык, чынчыл, кичи пейил эле. Калпты жаман көрчү. Бирөөгө жамандык каалачу эмес. Үйдө жүргөн кумурсканы дагы акырын колуна алып сыртка чыгарып койчу. Ырдаганды жакшы көрөр эле. Бир китепти бир күн кечке тажабай окуп чыкчу. Бизди чоңойтуп, өстүрүп, окутуп, төрүбүзгө отуруп сый көрөрдө дүйнөдөн кайтып кеткени абдан өкүнүчтүү. Атамды аябай сагындым…
Үсөнбек Камаевге «Апрель элдик революциясынын баатыры», Ак-Талаа районунун «Ардактуу атуулу» наамдары берилген. Сөөгү Ата-Бейит мемориалдык комплексине коюлган.
Наргиза Ырысбекова