Нарын облусунун Оттук айылында медиа сабаттуулукка арналган семинар болуп өттү. Ага айыл тургундары катышып, фейк маалымат жана анын шайлоо өнөктүгүндөгү ролун талуулашты.
Нарын облусунун Оттук айылында медиа сабаттуулукка арналган иш-чара болду
Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин Оттук айылындагы мүчөсү Усупбекстан жамааттык мультимедиа борбору ишке ашырды.
Семинарга алтымышка чукул айыл тургундары катышып, социалдык медиадагы жалган маалымат жана аларды аныктоо жолдору тууралуу үйрөнүштү. Ошондой эле, шайлоо учурунда фейк маалыматтардын коомдук турмушка тийгизген таасири жана Баш мыйзамдын жаңы редакциясы тууралуу талкуу болду.
Аталган семинардын айрым катышуучулары фейк маалымат тууралуу өз ойлору менен төмөндөгүчө бөлүштү:
Казан-Куйган айылынын тургуну Айгүл Талипова
Айгүл Талипова, Казан-Куйган айылынын тургуну: “Эми бүгүнкү күндө интернет көп адамдарга кеңири мүмкүнчүлүк берип жатат. Анын албетте, оң жана терс жактары бар. Социалдык тармактарда отуруп акча тапкандар тууралуу айтсак, интернет дүкөндөрү бар. Ал үйдөн чыкпай эле буюм-тайымдарды сатып алууга мүмкүнчүлүк берип жатат. Буга ишенсек болот. Бирок, интернеттин жардамы менен алдамчылыкка баргандар бар экен. Мисалы, ушунча акча салыңыз кайра үстүнө мынча сумма кошуп аласыз деген окуялар күнүбүздө кездешип жатат. Мен мындайларга ишенбейм.”
Оттук айылынын тургуну Мираида Ниязбек кызы
Мираида Ниязбек кызы, Оттук айылынын тургуну:“Азыр коом медиага тыгыз байланышта болуп калды. Ал эми медиа сабаттуулук жашообуздун талабына айланды. Анткени, бүгүнкү интернетке байланган жашообузда оң дагы, терс дагы окуялар болуп жатат. Интернеттин терс жактарын айтсам, өзүбүздүн убактыбызды көп коротуп жаткандайбыз. Бир маанилүү нерсе боюнча интернетке кирип эле, кантип башка социалдык тармакта жүргөнүбүздү билбей калып жатабыз. Ошондой эле, өзүбүзгө тийиштүү маалыматтар интернетке жазылып жатат. Дагы бир жагдай, интернеттен жарнамаларды карап отуруп, сүрөттө башка болчу, буюртма берип ала келгенде башка болуп чыкты деген сөздөрүн көп угам”.
Оттук айылынын тургуну Курманбек Асеков
Курманбек Асеков, Оттук айылынын тургуну: “Фейк маалыматтар интернетте көп эле чыгып жатат. Бирок, эл кайсы маалымат чын, кайсынысы жалган экенин айрымалап билип калды окшойт. Анткен менен, айрым учурда ушул маалымат чын экен деп ишенип отурганда, калп болуп чыккан учурлар кездешет. Мага WhatsApp, инстаграм аркылуу фейк маалымат келсе, мен аны башкаларга бөлүшпөй туруп, дароо өчүрөм. Эми бизге маалымат келгенде эле анын чын же калп экенин билиш керек болуп калды. Жалган маалымат менен күрөшүү үчүн бийлик өкүлдөрү иш алып барыш керекго деп ойлойм”.
Казан-Куйган айылынын тургуну Назира Байбосова
Назира Байбосова, Казан-Куйган айылынын тургуну: “Маалыматтын көптүгү азыр аны иргегенге толук мүмкүнчүлүк бербей калды. Социалдык медиада жалган маалыматтар абдан активдүү жүрүп жатат. Сүрөттөрдү, аудио кайрылууларды көп жиберишет. Мен өзүм дагы башында ишене берчүмүн. Кийин маалыматты иргеп калдым. WhatsApp тан туура эмес маалымат жөнөткөндөргө бул жалган маалымат, бөлүшпөйлү деп айтып калам”.
Медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган иш-чаралар Кыргызстандын башка айылдарында да өтүп жатат. Алар тууралуу төмөндө таанышыңыз:
Баетов айылынын тургундары шайлоодон өнүгүүнү күтөт
Эл күтөт: Жаңы бийлик карапайым элге карамдуу болсо…
Эл пикири: Депутаттарга ишеним жана талап болуш керек
Касиет Кубанычбек кызы