Ак-Талаа районундагы Баетов айылында бардык мекеме ишканаларда иштеген кызматкерлер “Адилет” атындагы сейил бакка жалпы ишембиликке чыгышты. Ишембиликке 470 жаран катышты.
Ишембиликтин негизги максаты-паркты таштандыдан арылтуу, тазалыгын сактоо.
Чогултулган таштандылар дароо оор жүк ташуучу унаалар менен чыгарылды
«Адилет» сейил багындагы ишембилик учуру
«Адилет» сейил багынын кире бериши тазаланууда
ишембиликке чыккан мугалимдер жамааты
Ишембилик учуру
Ишембиликтеги мугалимдер жамааты
Райондун акими Сейтек Кулубаев ишембиликке чыккан жарандар менен
Ишембиликтеги жамааттар
“Адилет” атындагы сейил бакка жыл сайын ишембилик уюштурулуп, мектеп окуучулардын жардамы менен тазаланып келген. Былтыр өлкөдөгү пандемияга байланыштуу ишембиликтер өткөн эмес.
7-апрелде аталган сейил бакта Элдик революцияда курман болгондорду эскерүү иш-чарасы белгиленет.
Жаркынай Тыныбекова