Кочкор районунун Төлөк айылында медиа сабаттуулукка арналган иш-чара өттү. Ага айыл тургундары катышып, фейк маалыматтар, алардын элдин жашоосуна тийгизген таасири туурасында маалыматка ээ болду.
Медиа маалыматтык сабаттуулук семинары аталган айылда иш алып барган Соң-Көл жамааттык мультимедиа борбору тарабынан уюштурулду.
Төлөк айылында медиа сабаттуулукка арналган иш-чара өттү
Аталган жолугушууга мугалимдер, айыл өкмөт кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин кандидаттары ж.б болуп жалпысынан 59 адам катышты. Иш-чарага айылдагы ар тармактагы адамдар катышты дейт Бурул Майрамбек кызы.
Соң-Көл жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Бурул Майрамбек кызы
«Алдыдагы шайлоодо ар бир адам сынчыл ой жүгүртүп, маалымат алууда жана аны кайра тараттууда чын төгүнүн аныктап алып, таратса деген ой-тилек болду. Катышуучулар медиа сабаттуулук анын ичинде фейк аккаунттар, фейк маалыматтар жөнүндө үйрөнүшүп, алар менен бирге талкуу болду. Мындан тышкары, референдум жана шайлоо боюнча дагы маалымат берилди» — дейт Соң-Көл жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Бурул Майрамбек кызы.
Иш-чаранын катышуучулары семинардан соң,фейк маалыматтар тууралуу ойлору менен бөлүштү:
Жаңыл Токтоноева Төлөк айылынын тургуну, пенсионер
Жаңыл Токтоноева Төлөк айылынын тургуну, пенсионер
«Мен чындыгында мурда фейк маалыматтар тууралуу ойлонбоптурмун. Маалымат десе эле бардыгын окуп, тарата берчү экенмин. Эми бул семинарга катышкан соң, маалыматты да ажырата билүү керектигин түшүндүм. Талдап көрсөм, буга чейин көрсө жалган маалыматтарга ишенген учурларым болгон экен. Эми айырмалап билип калдым. Апыртып жиберген маалыматтын бардыгы эле чын эмес турбайбы. Жалган маалымат көп учурда бирөөнү каралоо үчүн колдонулат экен. Өзгөчө шайлоо маалында мындай чындыкка дал келбеген маалыматтар көп эле кездешет».
Төлөк айылынын тургуну Качкынбек Бөлөкбаев
Качкынбек Бөлөкбаев, тракторист
«Бул телефонду алгандан бери эле түркүн кабар, түркүн сүрөт келет. Кээ бирине ишенсең, кээ бирине ишенбейсиң, өз көзүң менен көрбөгөндөн кийин ишенбеген учур болот. Бирок, фейк маалыматка ишенип алган учурлар да көп болгон. Алар абдан ишендирип көрсөтөт экен да. Фейк маалыматтарды аныктоо үчүн өз көзүң менен көрүп же өз колуң менен жасабагандан кийин азыр маалыматка ишенүү деле татаал болуп калды. Эми шайлоо болгонго чейин эптеп шайланып келүү үчүн асмандагы айды алып берем дегендей эле түркүн убадаларды беришет. Ушундан улам, бири-бирин каралоо, жамандоодон улам жалган маалыматтар чыкса керек. Мындай нерсе элдин дагы башын айлантат экен».
Төлөк айылынын тургуну Сайкал Дыйканбаева
Сайкал Дыйканбаева, мугалим
«Азыр техниканын өнүгүп турган маалында жалган маалыматтар абдан көп экен. Аларга ишенип алган учурларым да болгон. Эми аларды айырмалоону да билишибиз зарыл. Шайлоо маалыманда жалган эмес, так маалыматтарды билүү үчүн ар бир талапкердин программасын билүү керек. Көрө албастык, ичи тарлык өңдүү сапаттар фейк маалыматтардын жаралуусуна себепчи болот».
Төлөк айылынын тургуну Эсен Сейитказиев
Эсен Сейитказиев, Дыйкан-чарба мүчөсү
«Фейк- бул калп. Көбүнчө мындай маалыматта социалдык тармак аркылуу көп таркаса керек. Ошондуктан, көп нерсеге ишене бербей калдык. Медиа сабаттуулук боюнча тренингден кийин дагы ойлонуп калдык. Чынында мурда ар түрдүү маалымат келсе эле ишене берчү экенмин. Таң калчумун, бирок баары бир ишенчүмүн. Эми ойлонуп, маалыматты дагы талдашыбыз керек болуп калды».
Эл пикири: Баш мыйзамдын жаңы долбоорун окуй элекмин, бирок барып добуш берем
Баетов айылынын тургундары шайлоодон өнүгүүнү күтөт
Эл күтөт: Жаңы бийлик карапайым элге карамдуу болсо…
Касиет Кубанычбек кызы