2025-жылдын 21-сентябрында борбор калаанын башкы «Ала-Тоо» аянтында Bishkek Snow Leopard Run 2025 empowered by Visa эл аралык кайрымдуулук марафону болуп өтөт.

Бул спорттук иш-чара жыл сайын кайталанып, быйыл алтынчы жолу өткөрүлүп жаткандыктан шаардын салтынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Аны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.
Жарыштын жүрүү маршруту Бишкектин борбордук көчөлөрү: Чүй проспекти, Ю.Абдрахманов көчөсү, Ч. Айтматов проспекти жана башка негизги жолдордо өтөт.
Негизги старттын зонасы «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан.
5 км аралыкка болгон жарыш «Манас» кинотеатрынан (Чыңгыз Айтматов пр. 47а) старт алат.
Аралыктар
• 5 км
• 14 км
• 21,1 км (жарым марафон)
• 42,2 км (марафон)
• Kulikov Kid’s Run балдар үчүн чуркоо: 100 м, 300 м, 500 м жана 1 км
Башталыш убактысы (21-сентябрь, 2025-жыл)
• 07:00 — 42,2 км марафон
• 07:05 — 21,1 км жарым марафон
• 07:10 — 14 км
• 09:00 — 5 км
• 11.00 — Kulikov Kid’s Run
• 10:00–14:30 —сыйлык тапшыруу аземи жана утуштарды ойнотуу
• 15:00 — ишчаранын расмий жабылышы
Көчөлөрдүн жабылышы
21-сентябрда саат 06:30дан 13:00гө чейин катышуучулардын коопсуздугу үчүн төмөнкү аймактарда жол кыймылына чектөө киргизилет:
1. Чүй пр. (Манас пр. — Ю. Абдрахманов көч. чейин)
2. Абдрахманов көч. (Чүй пр. — Иманалиев көч. чейин)
3. Иманалиев көч. (Ю.Абдрахманов көч. — Ч.Айтматов пр. чейин)
4. Масалиев көч. (Ю.Абдрахманов көч. — Ч.Айтматов пр. чейин, түндүк жагы)
5. Ч. Айтматов пр. (Иманалиев көч. — Чүй пр. чейин)