Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл өкмөтүндө ак илбирсти сактоого багытталган долбоор боюнча жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.
Адистер жыйындын жүрүшүндө ак илбирстин саны акыркы жылдары кескин азайып бара жатканын белгилешип, аны коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Белгилүү болгондой, ак илбирс экологиясы таза аймактарда гана жашайт. Бул жагынан алганда Суусамыр өрөөнү, анын ичинде Төө-Ашуу ашуусу, сейрек жаныбар байкалган аймактардын бири болуп саналат.
Жыйындын алкагында катышуучуларга долбоордун максаты жана мааниси кеңири түшүндүрүлдү. Андан соң адистер бала бакчаларга жана мектептерге барып, окуучулар үчүн жаратылышты коргоо, ак илбирсти сактоо боюнча атайын көргөзмөлөрдү жана таанытуучу сабактарды уюштурушту.

Долбоордун негизги максаты — жаш муунду жаратылышка аяр мамиле кылууга, айлана-чөйрөнү коргоого бала бакча курагынан тарта тарбиялоо жана патриоттук сезимин калыптандыруу болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, бул пилоттук долбоор болуп саналат. Эгерде ийгиликтүү ишке ашса, келечекте бардык бала бакчаларда жана мектептерде атайын сабак катары киргизүү пландалууда.

Даярдаган: Айтурган Кушкарбекова