Токтогул шаарында «Жыл мугалими – 2026» сынагынын аймактык жана райондук этаптары ийгиликтүү өттү. Жыйынтыгында Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Чолпон-Ата айылынын №15 Данканай атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Рыскүл Токтоназарова Гран-прини жеңип алып, облустук турга жолдомо алды.

Сынакка Токтогул району боюнча жалпы 40 мектеп катышып, алардын ичинен 19 мектептин мугалимдери райондук этапка өтүшкөн. Катышуучулар ар бир предмет боюнча 25 мүнөттүк ачык сабактарды өтүп, кесиптик чеберчилигин көрсөтүштү. Жыйынтыгында мыктылар аныкталып, кийинки баскычка жолдомо алышты. Сынактын жүрүшүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери мугалимдердин ишмердүүлүгүн баалашты.

“Аккан арыктан суу агат” демекчи, апасынын жолун жолдоп, бүгүн билим берүү тармагында бийиктиктерди багындырып жаткан каарманыбыздын ийгилик таржымалы көпчүлүккө үлгү.

“Мен үчүн бул жыл өзгөчө мааниге ээ болду. Анткени мен экинчи жолу «Жыл мугалими — 2026» сынагына катышып, чоң тажрыйба топтодум. Бул сынак жөн гана атаандаштык эмес, ал — өзүмдү сыноо, кесиптик чеберчилигимди арттыруу жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу жолу болду. Эң толкунданткан учур — «Жыл мугалими — 2026 байгеси сизге ыйгарылды» деген сөздү уккандагы сезим болду. Ошол мүнөттө жүрөгүм кубанычка толуп, көз ирмемде бардык эмгегим акталгандай болду. Бул жеңиш мен үчүн күтүүсүз болсо да, абдан баалуу жана унутулгус белек болду”.


Жеңиш – бул биргелешкен эмгектин үзүрү. Сынактын Гран-при байгесин жеңип, облустук турга жолдомо алган каарманыбыз ийгилигин мындайча жыйынтыктайт:
“Бул жетишкендик — менин гана эмес, мени колдоп турган кесиптештеримдин, окуучуларымдын жана жалпы билим берүү чөйрөсүнүн жеңиши деп билем. Алардын ишеними мага күч берип, алдыга умтулууга дем берди. Мен бүгүн чындап кубанычтамын жана сыймыктанам. Бул байге — менин мугалимдик жолумдагы чоң кадам. Мындан ары да талыкпай эмгектенип, окуучуларым менен дагы көп ийгиликтерди жарата берүүгө аракет кылам”.
Белгилей кетсек, Рыскүл Токтоназарова билим берүү тармагында инновациялык ыкмаларды колдонгон заманбап мугалимдердин катарын толуктайт. Ал ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып, жергиликтүү кеңештин депутаты жана жеке ишкер катары да иш алып барат.
Алдыда Гран-при ээси үчүн облустук этап күтүп турат.

Даярдаган: Азема Кудуева.<