Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жалпы ишембилик уюштурулду. Ага айылдагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери активдүү катышты.Ишембиликтин жүрүшүндө катышуучулар айыл аймагынын басымдуу бөлүгүн тазалап, айлана-чөйрөнү иретке келтиришти. Учурда тазалоо иштери дээрлик жыйынтыкталып калды.

Белгилей кетсек, ишембилик Суусамыр айылында жыл сайын жаз жана күз мезгилдеринде туруктуу өткөрүлүп келет. Мындай иш-чараларда жергиликтүү тургундар да четте калбай, өз үйлөрүнүн айланасын тазалап, коомдук иштерге салым кошушууда.
Даярдаган: Айдай Сагынбаева