1-апрелде Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Э.Омошевдин демилгеси менен «Бир жетекчиден 1 көчөт» акциясы уюштурулду. Ага райондогу айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору жана бала бакча башчылары катышышты. Алар өз эсебинен ийне жалбырактуу көчөт сатып алышып аталган сейил бакка отургузушту.

Кочкор районунун акими-Э.Омошев (оңдон биринчи)
Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Э.Омошев өз сөзүндө буларга токтолду: «Урматтуу Кочкор районунун тургундары. Биз бүгүн Ормон Хан атабыздын 230 -жылдыгына даярдык көрүп, «Ормон Хан» сейил багына «Жашыл мурас» долбоорун алкагында «Бир жетекчиден 1 көчөт» акциясын уюштуруп жатабыз. Учурдан пайдаланып биздин демилгени колдогон мекеме жетекчилерине, мектеп директорлоруна ыраазылыгымды айтам. Министрлер кабинетинин колдоосу менен жакында экология фонду тарабына Кочкорго 1500 көчөт алынып келинет, аларды да өз убагында отургузабыз».

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы-Т.Бактыгулов (ортодо)
Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турсунбек Бактыгулов билим берүү мекемелеринин жетекчилери да бул акцияга активдүү катышып жатканын баса белгилеп өттү. Ал өз сөзүндө райондогу 35 мектептин директорлору жана бала бакча башчылары өз чөнтөгүнөн бирден көчөт алышып, сейил бакты көрктөндүрүүгө салым кошуп жатышкадыгын айтып өттү.

«Ормон Хан» сейил багынын кароолчусу-Өмүр ата
Өмүр ата 87 жашта. Ал «Ормон Хан» сейил багында 1999-жылдан бери кароолчулук милдетти аткарып келет. Өмүр аксакакал сейил бакта 22 жыл айлык албай бекер иштеп келген. Былтыркы жылдан баштап кана ага 6000 сом айлык чектелген. Ал жайкысын суу жыгып бактарды сугарып, малдан коруйт. Карыя мунун бардыгын Мекенге болгон атуулдук ыйык сезим экенин айтат. «Көзүм өтүп кетсе кийинки муун менин эмгегимди эстеп жүрсө»- дейт Өмүр ата.

Мектеп директорлору

Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин администрациясы
Бакыт Кожокматов