Бүгүн Кочкор айылында ARIS- коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги АИД-3 КК Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо Ковид-19га жооп кайтаруу долбоорунун негизинде жана КРнын Министрлер Кабинети тарабынан колдоосу, Дүйнөлүк Банк тарабынан каржылануусу менен уюштурулган атайын 5 айыл өкмөтөрүнүн тургундарына «Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуунун негиздери жана механизмдери» тренинги өттү.
Тренингдинге айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, АК АКИА ( Аткаруу Комитет Айылдык Коомдук Инвестициялоо Ассоциациясы) ПИКС (элчилер), аялдардын катышуусунда өттү.
Тренингдин негизги максаттары бул климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатындагы иш-чараларды натыйжалуу жүргүзүү үчүн жааматтардын- Климаттын өзгөрүшү боюнча элчилердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу.
Атайын окуутунун учурунда катышуучулар климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык жана регионалдык деңгээлдеги таасири, климаттын өзгөрүүсүн адаптациялоо жана жумшартуу механизмдери, чаралары жөнүндө ар тараптуу түшүнүк алышты.
Долбоордук сунуштарды климаттын өзгөрүшү багытында балоо, долбоор тарабынан колдоого алынган обьекттердин климаттык пайдалуулугунун максаттуу индикаторлорун эсептөө методологиясы менен таанышышты.
АК АКИА, ПИКСтердин климаттын өзгөрүшү боюнча маалыматты коомчулуука жетирүү максатында ишмердүүлүк планын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу болду.
Канайым Мирланова