КРын Президентинин «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» үнгү жолу жөнүндө жарлыгынын негизинде 2025-жылдын 26-июлунда Кочкор айылындагы Ормон паркында «Кымыз фестивалы-2025» болуп өттү.

Фестивалга Кочкор районуна караштуу 5 айыл өкмөттөр келип катышышты. Иш- чарада кымыздын түрлөрүн көрсөтүп ,боз үйлөр тигилип ичине улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулду.



Фестивалдын алкагында Кочкор райондук маданият үйүнүн кызматкерлери жана Молдобасан Мусулманкулов атындагы искусство мектебинин жаш бийчилери өздөрүнүн концерттик иш-чараларын даярдап, келген коноктордун көнүлүн бурушту.

Иш-чарага Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Баялы Досалиев келип катышты.

Кочкор районунун башчысы аким Баялы Досалиев
Фестивалга «Бал кымыз», «Саамал кымыз», «Гүл кымыз» номинациясы уюштурулуп, айыл өкмөттөр тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, баш байгелерге жана сыйлыктарга ээ болушту.

Сыйлоо учуру
Нурия Карымбаева