2025-жылдын 27-июль күнү түнкү саат 23:00 чамасында Кетмен-Дөбө айыл аймагында катуу шамал менен коштолгон бороон-чапкын болуп өттү. Натыйжада Мазар-Суу, Кушчу-Суу, Чолпон-Ата жана Терек-Суу айылдарында электр чубалгылары үзүлүп, айрым жерлерде дарактар кулап, зымдардын үстүнө басып калган.

Мазар-Суу, Кушчу-Суу, Терек-Суу айылдарында кечээ түнү жааган катуу шамал менен жаан-чачындын кесепетинен бир катар электр зымдарына дарактар кулап түшүп, айрым жерлерде чубалгылар үзүлүп калган. Бул кырдаал айылдын бир бөлүгүндө электр энергиясынын убактылуу өчүрүлүшүнө себеп болду.
Жергиликтүү тургундардын билдирүүсүнө караганда, шамалдын ылдамдыгы күч болуп, айланадагы бак-дарактарды тамыры менен жулуп кеткен учурлар да катталган. Өзгөчө кырдаал жаралган жерлерге дароо эле Терек-Суу подстанциясынын электр кызматкерлери жетип келип, тез арада оңдоо иштерин башташты. Учурда авариялык топтор үзүлгөн зымдарды калыбына келтирип, кулаган дарактарды тазалап жатышат. Электр берүү үзгүлтүккө учураган аймактарда жарык берүү жакын арада калыбына келтирилип жана оңдоо иштери улантылары айтылды.

Айыл тургуну Сатыбалды Жумабаевдин айтымында: «27-июль күнү түнкү саат он бирлерде катуу шамал башталды. Шамалдан улам электр мамылар кулап, зымдар үзүлдү. Айрыкча Мазар-Суу, Кушчу-Суу, айылдарында абал оор болду. Жакшы жери — электриктер убагында келип, токтоосуз ремонт иштерин баштап кетишти», — деп билдирди.

Айыл тургундары кырдаалга ыкчам реакция кылган электр кызматкерлерине ыраазычылык билдиришүүдө. Адистер болсо мындай аба ырайы шарттарында этият болууга жана электр линияларына жакын жүрбөөгө чакырууда.
Даярдаган: Азема Кудуева.