Токтогул районунда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында практикалык даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Терек-Суу айылында жайгашкан Курама уулу Турусбек атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде биология, англис-тил жана башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн атайын окуу-семинарлар уюштурулуп жатат.
Бул окуулар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан демилгеленип, улуттук деңгээлдеги мастер-тренерлерди даярдоо боюнча өткөн тренингдердин негизинде уюштурулууда. Семинарды ошол тренингдерге катышып, тийиштүү тажрыйбаларды алган жергиликтүү мугалимдер өткөрүүдө. Тренинг өткөн мугалимдер Айгүл Ормонбекова,Элдар Бочоев жана Сагынай Сыргабаева. 
Окуутунун негизги максаты — жаңы окуу планы, методикалык ыкмалар жана компетенттүү адистерди даярдоого багытталган билим берүү моделин түшүндүрүү жана иш жүзүнө ашыруу. Бул кадам мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу менен сапаттуу билим берүүгө өбөлгө түзөт.
Иш-чарага мектептин мугалимдер курамы толугу менен тартылып, билим берүү тармагындагы жаңыланууга активдүү катышууда. Окуу жараяны жандуу талкуулар, топтук иштер жана практикалык көнүгүүлөр аркылуу өтүп жатат.
Аймактагы билим берүү мекемелери үчүн бул окуу – жаңы системага адаптация болуудагы маанилүү этап. Катышуучулардын айтымында, 12 жылдык окуу форматына өтүүгө мүмкүнчүлүк, шарттар жана материалдык база жетиштүү деңгээлде каралган. Окуучулар үчүн атайын даярдалган окуу китептери, жазуу дептерлери, ал эми мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор, план-конспекттер, сабак өтүү жолдору камсыздалганы мугалимдерге ишеним берип жатат.
«Семинарда алган билимдеримдин негизинде 12 жылдык билим берүү системасына өтүү толук мүмкүн экенине ынандым. Практикалык тапшырмалар, топтук иштер аркылуу окуучулар менен кызыктуу жана натыйжалуу иш алып барса болот экен», — дейт семинарга катышкан биология мугалими Зайырбек Кабылбеков
«Семинарда 3-класстан 9-класска чейинки жаңы басылып чыккан англис тили боюнча окуу китептери менен тааныштык. Бул окуу куралдары жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен жазылган. Эң негизгиси — окуучулар англис тилин турмуштук жагдайларда колдоно билүүгө, эркин сүйлөөгө жана практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга шарт түзөт экен», — дейт англис-тил мугалими Дилбара Бөлөкбаева.
Анын айтымында, 12 жылдык билим берүү системасы окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүнө жана заманбап талаптарга ылайыкташтырылган. Жаңы окуу программасында балдар практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган тапшырмалар менен иштешет.
Бул сыяктуу семинарлар мугалимдерге билим берүү процессин жаңыланган форматта уюштурууга мүмкүнчүлүк берип, билим сапатын жогорулатууга чоң өбөлгө болууда.