2025-жылдын 30-июлунан баштап Токтогул районундагы бардык мектеп мугалимдери үчүн жаңы билим берүү стандартына ылайык окутуулар старт алды. Бул демилге райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинети тарабынан уюштурулуп, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган.
Окутуу курсунда математика, табигый илимдер, англис тили жана башталгыч класстар боюнча сабак берген мугалимдер камтылууда. Алар жаңы 12 жылдык билим берүү программасына ылайык эл аралык талаптарга жооп берген окуу китептери жана усулдары менен иштөөгө үйрөнүшүүдө.
Улуттук деңгээлдеги мастер-тренерлер — С. Сыргабаева, Э. Бочоев, А. Ормонбекова, Р. Калыбекова жана Б. Токторовалар — Сингапурдук методикаларды практикалык түрдө үйрөтүп жатышат. Ар бир бүтүрүүчү 72 сааттык сертификатка ээ болот.
Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Астра Боржуеванын айтымында, жалпы 42 мектептин мугалимдери толук кандуу окуудан өтүшөт. Алар төрт-беш тайпага бөлүнүп окутулат. Алгачкы этапта Узун-Акмат зонасынын англис тили, биология жана башталгыч класстар боюнча мугалимдери билимдерин жогорулатып бүтүштү. Калган мектептердин мугалимдери да этап менен окуудан өтүшөт.
Бул окуулар мугалимдердин жаңы системага даярдыгын камсыздап, билим берүү сапатын жогорулатууга чоң салым кошот.
Даярдаган: Азема Кудуева