Чүй облусуна караштуу Новое айылынын Гульсина Капарова атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Чыңгыз Эргешов президенттик квота менен Белоруссия мамлекетинин медициналык окуу жайына акысыз өттү.

Сертификат тапшыруу учуру
Келечекте дарыгер болууну самаган Чыңгыз Эргешов чет өлкөдөн билим алуу алдында турат. Бул максатына жетүү үчүн тынбай аракет кылган:
,,Ар бир инсан алдына так максат коюп, ал максатка жетүү үчүн жигердүү аракет кылыш керек. Талыкпаган аракеттин арты менен менин да максаттарым орундалды. Туугандарым медицина тармагында иштешет, алардын элге ак кызмат өтөп, талыкпай эмгектенгендерин көрүп мен да медицина тармагына кызыгып, дарыгер болууну самап, алдыма медициналык окуу жайда окуп билим алууну максат кылгам. Максатым ишке ашып чет өлкөлүк медициналык окуу жайга өттүм”,-дейт.
Чыңгыздын чоң апасы Назипа Рахматилдиева небереси менен сыймыктанарын белгилеп, алдына койгон максатына жете билгенин кошумчалады:
,,Неберемдин ак халатчан дарыгер болуп элибизге ак эмгек өтөйм деген каалоосу биз үчүн жагымдуу кабар болду. Неберемдин каалоосу орундалып медициналык окуу жайга өтүп, окуусун ийгиликтүү аякташы үчүн уулум, келиним уулун сабактардан калтырбай, кошумча курстарга окутушуп, талапты катуу коюп көзөмөлдөп жатышты. Неберем да эч жалкоолонбостон жоопкерчилик менен изденип, талыкпастан окуп, баарыбызды кубандырып, өз билими, өз күчү менен чет мамлекттин медициналык окуу жайына президенттик квота менен акысыз окууга өттү. Чыңгызым кичинесинен зирек, жоопкерчиликтүү жана жаңы билимге умтулган, изденген окуучулардын катарын толуктачу” — дейт, чоң апасы өз сөзүндө.
Клара Эшимбекова Чыңгыздын класс жетекчиси: ,,Окуучубуз Чыңгыз Эргешов мектебибиз сыймыктанган, үлгүлүү, билимдүү жана кичипейил, эң мыкты окуучуларыбыздын бири. Быйылкы окуу жылында химия сабагынан райондук олимпиадага барып, III орунду багындырды. Өзү баардык сабактарды эң жакшы окуйт, өзгөчө химия, биология сабактарын жакшы көрүп, абдан жакшы окучу. Эми минтип Кыргызстан эмес, Белоруссиянын медициналык окуу жайына акысыз окууга жолдомо алып, биздин сыймыгыбыз болуп олтурат. Окуучума кең келечек, окуусуна ийгилик каалайм!”.
Максатбек Мамасеитов:,,Уулум баарыбызды кубантып, бизди сыймыктантып, кубанычка бөлөп турган чагы. Кичинесинен кыялданып,
алдына койгон максатына жетип олтурат. Максаты элге ак кызмат кылып, ак халатчан дарыгер болуу эле, буюрса алдыдагы тоскоолдуктардан чалынбай, мүдүрүлбөй ушул аракетчилдигинен, жоопкерчилигинен жазылбай, талыкпай билим алып, окуусун ийгиликтүү аяктап келүүсүнө тилектешмин жана албетте биз дайым колдоп турабыз учурдан пайдаланып, Гульсина Капарова мектебинин мугалимдерине, уулумдун биринчи мугалимине жана уулума сабак берген ар бир мугалимине үй-бүлөбүз менен терең ыраазычылык билдиребиз. Мугалимдердин талыкпас мээнети, терең билими менен окуучу чоң-чоң ийгиликтерди жаратып, келечекте мыкты инсандар жаралат эмеспи”, дейт Чыңгыз Эргешовдун атасы.
Чыңгыз Эргешов байкесинен Белоруссия мамлекетинин медициналык окуу жайына өтүү үчүн сынакка катышып көрүү сунушу менен тест тапшырып, онлайн сынакка катышкан. Белоруссиянын ВГМУ медициналык окуу жайынан чалып окууга өткөнүн, болгондо да акысыз президенттик квота менен Кыргызстандан 2 гана окуучу өтүп, жолдомо алганын кабарлашканда азыркыга чейин айтып бүткүс, айтып бере алгыс сезимдер болгонун, ишенбей электрондук почтага келген билдирүүнү апасына кайра-кайра окутканын жагымдуу сезимдер менен айтып берди.


Чыңгыз Эргешов үй-бүлөсү менен
Белгилей кетсек: Сокулук районунун, Новое айылындагы Гульсина Капарова атындагы орто мектебинин окуучусу Чыңгыз Эргешов 11-классты артыкчылык аттестат (кызыл аттестат) менен аяктап, Жалпы республикалык тестирлөөдөн 183 упай алган жана Белоруссиянын медициналык окуу жайына Кыргызстандан 2 гана окуучу, анын бири Чыңгыз Эргешов президенттик квотасы менен акысыз окуу (бюджеттик негизде) өтүп, учурда окууга даярдык көрүп жаткан чагы. Биз Чыңгыз Эргешовдун окуусуна ийгилик каалоо менен бирге медициналык окуу жайды дагы артыкчылык диплом менен аяктап, Кыргызстанга гана эмес дүйнөгө аты чыккан чыгаан дарыгер болуусуна тилектешпиз.

ЖРТнын жыйынтыгы
Даярдаган: Айдай Джолчубекова