Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө №109 Жарлыгынын алкагында» Кочкор айылынын борборунда жайгашкан соода түйүндөрдү жана турак жайларды бузуу жана түрттүүрү иштери башталды.

2025-жылдын 5-август күнү Кочкор районунун акими Баялы Досалиев жетекчилиги алдында, тиешелүү мекемелерден түзүлгөн комиссия Кочкор айылынын борборунда жайгашкан соода түйүндөрдү жана турак жайларды текшерип, натыйжада кызыл сызыкка чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар аныкталып, алардын ээлерине 2025-жылдын 5-августуна чейин курулуштарды өз ыктыяры менен алып салуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Кочкор районунун акими Баялы Досалиев жана мекемелерден түзүлгөн комиссия
Эскертүүлөр аткарылбагандыктан, бүгүн тиешелүү кызматтар тарабынан бузуу жана түрттүрүү иштери башталды.


Мыйзамды, шаар курулуш эрежелерин сактоо-ар бир жарандын жарандык милдети.
Сүрөттөр Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын архивинен алынды.
Нурия Карымбаева