Ара төрөлгөн ымыркайларда кездешкен эң кооптуу оорулардын бири — ретинопатия. Бул дарт, негизинен, көздүн ички торчосунун жетилбей калышынан улам келип чыгат. Өзгөчө 34–35-аптага жетпей төрөлгөн жана салмагы 2000 граммдан аз болгон наристелер арасында көп кездешет.

Ретинопатия эмнеден улам пайда болот?
• Ымыркайдын убагына жетпей төрөлүшүнөн улам көздүн торчосундагы кан тамырлар толук өнүкпөй калат.
• Дем алууну өз алдынча аткара албагандыктан, атайын аппарат менен берилген кычкылтек (кислород) көзгө терс таасирин тийгизет.
• Эненин кош бойлуу кезинде жуккан инфекциялык оорулар.
Бул ооруну ата-эне байкай алабы?
Тилекке каршы, бул оору көз менен билинбейт. Аны атайын офтальмологдор гана текшерүү аркылуу аныктай алышат. Өзгөчө 27–30 жума аралыгында төрөлгөн ымыркайлар, төрөлгөндөн кийин 4 жуманын ичинде сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтүшү керек.

Ретинопатия качан билинет?
Оору көбүнчө төрөлгөндөн кийин 2 жуманын ичинде же 1 ай ичинде пайда болот. Атайын аппараттын жардамы менен гана көрүүгө мүмкүн болгон бул өзгөрүүлөрдү тажрыйбалуу дарыгерлер көзөмөлдөйт.
Ретинопатиянын стадиялары
Оору жалпы 5 стадиядан турат. Анын ичинде “агрессивдүү” түрү да болот. Бул учурда 3 күндүн ичинде дарыланбаса, бала азиз болуп калышы мүмкүн.
• 1–2-стадияларында көздөгү кан тамырлар өсүп жатып токтоп калат. Эгер бала жетилип төрөлүп, кошумча оорулар болбосо, бул стадиялар өзүнөн-өзү өтүп кетиши мүмкүн.
• 3–4-стадияда дарылоо талап кылынат, анткени оорунун өрчүп кетүү коркунучу жогору.
Оорунун алдын алуу
Эненин убактысынан эрте төрөсүн алдын алуу. Ретинопатияны болтурбоонун эң негизги жолу бул кош бойлуу аялдын өз ден соолугуна көңүл буруусу. Кош бойлуулукту пландоо жана кош бойлуу учурда сөзсүз дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө болуп, инфекциялык оорулардан алыс болуп, өз убагында медициналык жардам алышы керек.
Айпери Марлесова, Айгерим Кубатбекова