Кочкор райондук маданият үйүндө Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесинин алкагында маданият бөлүмү тарабынан иштелип чыккан Ормон хандын өмүрү жана басып өткөн жолу жөнүндө спектакль Кочкор айылынын тургундарына тартууланды.
Аталган спектакль, 14-24-ноябрь күндөрү ар бир Кочкор районунун айылдарынын маданият үйлөрүндө, клубдарында пландалган график менен акысыз элге тартууланат.
Спектаклдин көркөм жетекчиси Керимбек Алканов кийинки маалымат берип кетти:
«Спектакль Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесине арналган. Бир ай ичинде даярданып, бүгүн көрөрмандардын алдына чыгып ишибизди көрсөтө алдык.
Залда көп окуучулар келгени сүйүндүрдү,эң негизги биздин жаш муундар тарыхты унутпай, элин, жерин сүйгөн патриот болуп тарбиялансын деп айтат элем».
Нурсултан Турганбеков, Бегимай Чаева