Быйыл Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленнет. Бул боюнча КРнын Өкмөтүнүн атайын тескемеси чыккан жана бул мааракени өткөрүү боюнча иш-чаралардан мерчеми түзүлгөн.Ак-Талаа районунда дагы бир катар иштерди өткөрүү пландалууда. Акимдин орун басары Кенже Карагулова билим берүү мекемелеринде Ормон хандын коомдо, кыргыз элинин тарыхында ээлеген орду тууралуу илимий-практикалык конференциялар, тарбиялык сааттар өтүлөт. Ошондой эле көрнөк-жарнактар жазылып, илинет.
1792-жылы Чоң Кемин өрөөнүндө туулган, түндүк кыргыдардын ханы Ормон хандын тарыхта орду чоң. Анын баатырдыгы, саясий ишмердиги тууралуу тарыхый булактарда түрдүү маалыматтар айтылып, жазылып келет. Ал эми эл арасында Ормон опуза деген ылакап кеп көп айтылат. Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин тарых мугалими Алтынбек Чодолдоев Ормон хан тууралуу уккан кызыктуу маалыматы менен бөлүштү.
“Бул тууралуу чынында тарыхый булактардан кездештире элекмин. Бирок угуп жүрөм. Илгери Ормон хандын төө батпай айтылуу казактардан жайлаганга жайыт сураптыр. Казактар Ормон хандын каарына калбайлы деп макул болушуп, жайыт беришет. Ормон хан көчүп бармакчы болуп, өзүнүн чөң эки тебетейин атайы чоң төөгө арттырып, көчтүн алдына кое берет. Жолдон тосуп чыккан казактар көчтүн кимдики экенин сураганда Ормондун көчү, тебетей Ормондун тебетейи дейт. Ошондо казактар “кокууй Ормон көчүп келатыптыр. Тебетейи эле “казандай” деген имиш. Ошондон кийин Ормон хан өргөөсүнө чоң тебетейин жүктүн үстүнө коюп, экинчи көрпө тебетейин каттырып койчу экен да өзү болсо жүктүн жанында отурчу экен. Ормон ханды өрүлүктөп, союшка жылкы жетелеп келген казактарга өзү Ормон хан төөлөрүн карап кетти эле деп койчу экен. Ал эми көрпө тебетейди койгон күнү жыйынга кетти деп койчу экен. Ошентип эки тебетейи менен эле казактарды коркутчу экен. Эл арасындагы Ормон опузанын бир түрү ушул болсо керек”,-дейт.
Барчын Мамытбекова