Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун имаратын Бүткүл Дүйнөлүк банктын каржылоосу жана АРИСтин колдоосу менен оңдоп-түзөө иштери башталды. Долбоордун жалпы наркы 56 млн.сомду түзөт. Ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 650миң сомго курулуш иштерин сапаттуу, натыйжалуу жана өз убагында бүткөрүлүшүн көзөмөлдөө үчүн эксперт кызматы жалданган. Курулуш иштерин “Шер курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому жеңип алып, учурда 1-корпуста иш жүрүп жатат.
Борбордун директору Азамат Дүйшөналиевдин айтымында борбордун 1-корпусу 2000-жылдары, ал эми 2-корпусу 1986-жылдары курулган. Курулгандан бери косметикалык ремонт гана жүргүзүлүп келген.
“Долбоордун алкагында эки имаратта эшик терезелери алмашылат, жылуулук жана суу тутумдары жаңыртылат. Суук түшкүчө имараттын сыртын жылуулоо иштерин бүтүрүп, андан кийин ичин жасай беришет. Азыр ремонт иштерине байланыштуу бөлүмдөрдү башка корпустарга көчүрүп, мүмкүн болушунча жайгаштырдык. Ал эми күн жылыганда Кайыңды-Булак айылындагы базанын имаратына убактылуу көчөбүз. Башка имарат жок”,- дейт.
Учурда оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу тез жардам жана лаборатория бөлүмү төрөт бөлүмүнүн 1-кабатына, реанимация төрөт бөлүмүнүн 2-кабатына, хирургия бөлүмү соматика бөлүмүнө, балдарды дарылоо бөлүмү жана жугуштуу оорулар бөлүмү 2-корпуска жайгашты. Каттоо бөлүмү менен бухгалтерия мурунку редакциянын имаратына көчтү. Ал эми рентген аппараты ордунда иштеп жатат.
Барчын Мамытбекова