Төлөк айылында жаңы мечит мындан үч жыл мурун башталып, кайсы бир себептен улам токтоп калган. Ал эми азыр ошол мечиттин курулуш иштери кайрадан башталды.
«Бул айылдагы мечит үч жыл мурун курулуп башталган. Тилекке каршы 2019-жылдан тартып 2020-жылга чейин пандемия убагында токтоп калган. Ошол жылдан бери быйыл кайрадан курлуш иштери башталып отурат. Бул курулуш иши декабрдын башы менен толугу менен бүтөт. Азыркы учурда ондон ашуун адам курулуш иштерин кылышууда. Мечиттин мындан аркы кете турган чыгымы жалпы 2млн 400миң сом. Ал эми мечитти каржылап жаткан булак «Катар Черити» кайрымдуулук фонду. Катар өлкөсүнө атайын кайрымдуулук фонду бар, ал Бишкек шаарында жайгашкан. Ушул фонд толук колдоо көрсөтүп жатат»,-дейт Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүндүк Табалдиев.
Анжелика Сейиталиева