Мониторинг жүргүзүү үчүн төрт топтон турган комиссия түзүлүп, 2023 – жылдын 22-24-ноябрь күндөрү Нарын районундагы жалпы орто билим берүүчү мектептериндеги окуучулардын билимине мониторинг жана иш кагаздарынын абалдары каралып, жеринен усулдук жардамдар көрсөтүлдү.
Окуучулардын билим сапатына мониторинг жүргүзүү жана райондун мугалимдери бири бири менен тажрыйба алмашып, мугалимдерге жеринен усулдук жардам көрсөтүү максатында Нарын облустук билим берүү борбору тажрыйбалуу мугалимдер менен бирдикте райондун мектептерин кыдырып, жеринен педагогикалык кеңешме өтүп, мектептердин көйгөйлөрү менен таанышып, чечүү жолдорун жана окуучулардын билим сапатын көтөрүү үчүн эмне иштерди аткаруу зарыл экендиги талкуулады.
Куланак жамааттык медиа борбору