Сары-Булуң айыл аймагына Тогуз-Торо өнүктүрүү фонду тарабынан айыл чарба техникалары алынган. Күзгү талаа иштеринде эл айыл өкмөткө караштуу техникаларды пайдаланды. Айыл тургундары жеке менчик техникаларга салыштырмалуу анын артыкчылыктарына токтолду.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Сары-Булуң айыл аймагына Тогуз-Торо өнүктүрүү фонду тарабынан айыл чарба техникалары алынган. Күзгү талаа иштеринде эл айыл өкмөткө караштуу техникаларды пайдаланды. Бул туурасында Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков билдирди.
“Чөп таңгактоочу техника, бир соко кылып уюштурдук. Техникалардын баардыгы бир жерде болсо, эл үчүн ыңгайлуу болот. Быйыл келишим менен техникаларды бергенбиз. 1-октябрда тапкан акчаларын төгүп беришет”.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин 2-сессиясынын чечими менен өнүктүрүү фонд тарабынан алынган техникаларды элге кызмат кылууну жакшыртуу максатында техникалар чогултулган. Механик, айыл өкмөтү, комитеттин мүчөлөрү менен бирдикте 3 тараптуу келишим түзүлүп, техникалар өткөрүлүп берилди дейт Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы Венера Эпээва.
“Келишимде бир жылдагы трактордун ремонту, эмгек акысы, бюджетке төгүлө турган суммасы так көрсөтүлгөн. Бюджетке төлөй турган нерселердин баарын тең жыйынтыктап туруп, 15-октябрда деп акыркы мөөнөттү көрсөткөнбүз.Келишимде 15-октябрда кудай буйруса техникадан тапкан бир жылдык эмгектерин эсептеп, тактап чыгабыз дагы анан бюджетке төгө турган төлөмдөрүн төгүшөт. Эгер жакшы жыйынтык бере турган болсо бул техникаларды толугу менен бир чогулталы деген максаттарыбыз бар».
Быйылкы жаңы шайланган өкмөттүн сунушу менен техникаларды убактылуу 1-октябрга чейин ижарага берип, келишимдин негизинде иштетип жатабыз. Күзгү талаа иштери аяктаганга чейин ушул аймакта гана иштейт. Өкмөттүн чечиминин негизинде баалар коюлган. Бул туурасында убактылуу техникаларды уюштуруу иштеринин башчысы Эрмекалы Мусамамбетов төмөнкүлөрдү билдирди.
“Биздин дыйкандардын дыйкан чарбага бөлүнгөндөн бери, кээ бир жерлери бузулуп, айдала элек жерлери жакшы чыкпай, суюк жерлерин чаппай пресстебей кетип калат экен.Бизде андай болбойт, өкмөттө келишимдин негизинде суюк болсо да чаап, 5 пресс түшсө да пресстеп берет. Себеби, менчиктери аны чаппай кетип калат экен. Өзгөчөлүгү ушул, быйыл болсо өкмөт, төрага, бул башчы, бул жетекчи дебей катарынан чаап, иштеп беришти балдар”.
Анара Мааметова