Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айыл аймагында үлүштүк дем берүүчү грант аркылуу айыл өкмөтүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жолдор оңдолуп, аймакка караштуу орто мектептин китепканасы жана ашканасынын пайдубалы курулууда. Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусуна долбоор сунушталып жактырылган. Бул туралуу Атай айыл аймагынын инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Анаркүл Замирбек кызы маалымат берди.
Анара Мааметова