2024-жылдын май айында Чолпон айыл өкмөтүнө жергиликтүү бийликтин жана мамлекеттин колдоосу менен айыл чарба жана тиричилик муктаждыктары үчүн 4 жаңы техника алынган. Арадан убакыт өтсө да, бул техникалар бүгүнкү күндө да элге кызмат көрсөтүп келет.

Айылдын инфраструктурасын жакшыртуу максатында алынган техникалардын катарына 3 кубдук жүктөгүч (погрузчик), экскаватор, таштанды ташуучу унаа жана “Хово” үлгүсүндөгү самосвал кирет. Бул техникалар айыл ичиндеги ар кандай чарбалык жана курулуш иштерин жеңилдетүүгө чоң жардам берүүдө.
“Хово” самосвалынын айдоочусу Рахат Талантбековдун айтымында, жаңы техника мурун колдонулган унааларга салыштырмалуу кыйла ыңгайлуу жана кубаттуу:
«Бул унаа абдан тынч, жумшак жүрөт. Жүк көтөрүмдүүлүгү жогору. Көмүр, кум-шагыл ташууда дагы, жол иштеринде дагы жакшы натыйжа берип жатат. Элдин жеке жумуштарына да жардам көрсөтүлүүдө,» — деди ал.


Учурда техникалар аркылуу курулуш материалдарын жеткирүү, эски үйлөрдү бузуу, таштанды чыгаруу, арык казуу, көпүрө куруу сыяктуу бир катар иштер аткарылууда. Айыл өкмөтүнүн маалыматына ылайык, бул техникалар келгени көптөгөн көйгөйлөр өз убагында чечиле баштаган.
Мындан тышкары, жакынкы убактарда дагы кошумча техникалар келери күтүлүүдө. Эл керегине жараган мындай долбоорлор айылдын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, тургундардын жашоо шартын жакшыртууга салым кошууда.

Даярдаган: Гүлира Сатарова.