Коомдук ишмер, француз жана орус тилдеринен эркин сүйлөгөн котормочу, Токтогул райондук аялдар кеңешинин төрайымы — Чынара Суракматова. Бүгүнкү күндө коомдо аялзатынын орду жана ролу өзгөчө мааниге ээ. Өзүнүн көп жылдык тажрыйбасы, билимдүүлүгү жана кесипкөйлүгү менен элдин сыймыгына айланган инсандардын бири. Ал өмүрүнүн жарым кылымын билим берүү тармагына арнаган ардагер педагог, Франциядан тажрыйба топтоп келген лингвист жана учурда коомдук иштердин сап башында турган активдүү айым.

Чынара Сарпековнанын эмгек жолу терең билимден башталган. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктап, француз тили боюнча котормочу жана педагог адистигине ээ болгон. Изденүүчүлүгү менен айырмаланган Чынара айым лингвистика багытындагы долбоорунун негизинде Франциянын Vichy шаарындагы университетте эки айлык стажировкадан өтүп, эл аралык деңгээлдеги тажрыйба топтогон.

Ошондой эле Кыргызстандагы жалгыз семетейчи Сейдана Молдекееванын эстелигин мектепке жана райондун борбордук аянтына орнотууга салым кошкондугу үчүн Токтогул райондук администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

1996-жылдан тарта билим берүү тармагында эмгектенип, жөнөкөй мугалимден мектеп директорлугуна чейинки жолду басып өткөн. Анын жетекчилик сапаттары жана педагогикалык чеберчилиги Манас атындагы орто мектепти жетектеп турган мезгилде өзгөчө байкалган. Чынара Суракматова “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисинин ээси жана бир катар мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты.

Учурда ардактуу эс алууда болсо да, анын коомдук активдүүлүгү токтогон эмес. Токтогул райондук Аялдар кеңешинин төрайымы катары аялдардын укугун коргоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана жаштарды тарбиялоо багытында үзүрлүү иштерди жүргүзүп келет. Мындан тышкары райондук жана айылдык кеңештерде депутат болуп иштеп, элдин көйгөйлөрүн чечүүгө активдүү катышкан.


Чынара Суракматова “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин жана облустук мекемелердин Ардак грамоталары, “Мыкты депутат”, “Өмүрү өрнөк апакем” сыйлыктары менен сыйланган. Ошондой эле АРИС жана МЕРСИКО сыяктуу эл аралык уюмдардын ыраазычылык каттарына татыган. Ал билим берүү жана долбоорлор менен иштөө багытында бир катар методикалык макалалардын автору.


Даярдаган: Азема Сабырбековна