Быйыл Ак-Талаа району боюнча 4257 гектар дан эгиндери эгилген болсо, мунун ичинен 1 803 гектар аянтына буудай, 2454 гектар аянтына арпа айдалган. Учурда дан эгиндерин оруп-жыйноо 81 % пайызга аткарылды.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Оруп-жыюу иштерине кошумча Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан комбайндар тартылды
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары Улан Шерипбековдун айтымында оруп-жыюу өнөктүгү жакынкы күндөрдө жыйынтыкталат.
Улан Шерипбеков Баетов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
“971 гектарга чөп айдалган. Экинчи чабыкка 480 гектар гана чабылды. Быйыл кургакчылыкка жана суу жетпегине байланыштуу калганы чабылбай калды. Бүгүнкү күнгө 298 гектар эгин чабылып бүттү. 79 гектар калды. Комбайн бир аз тартыш болуп, эскилигине байланыштуу маселе жаралып жатат. Бирок, кышка калтырбай жыйнап алуу аракетин көрүп жатабыз. Күйүүчү майлоочу майлар жетиштүү. Оруп жыюуну 4-5 күн аралыгында жыйынтыктайбыз”.
Айыл өкмөт башчылардын жана жер адистеринин аракети менен Кош-Дөбө, Коңорчок, Жерге-Тал айылына дан эгиндерин чабууга Жалал-Абад облусунан 6 комбайн жардамга чакырылган болсо, ал эми Кара-Бүргөн айылына Ысык-Көл облусунан 3 комбайн тартылган. Район боюнча жалпы 43 комбайндын 38и дан эгиндерин оруп-жыйноого колдонулууда.
Баетов айылында бир канча жылдан бери күзгү оруп-жыюуда элге кызмат көрсөтүп келе жаткан Сыймык Сарыков быйылкы түшүм былтыркыдай эмес дейт.
Сыймык Сарыков, комбайнер
“Былтыркыдай эле 1 гектар жерди 2000 сомдон чабабыз. Мындан сырткары күйүүчү май алып беришет. Бирок, май дагы кымбаттады. Түшүм былтыркыга караганда аз. Сууга байланыштуу болуп калды го. Суу тартыш, жаан-чачын аз болду. Жылга жараша болуп калды…»
Акыркы учурларда айыл тургундары киреше жана чыгашаларды эсепке алып, үй-бүлөлүк каржыны максаттуу пайдаланууга аракет кыла баштады. Меселен элетте көп иштер күз айларына, башкача айтканда оруп-жыюудан алган кирешеге жараша пландалат. Демек, күзгү оруп-жыюудан түшкөн киреше үй-бүлөлүк каржы маселелерине таасир этет. Баетов айылынын тургуну Асель Чоткараева түшүмдүн мол же аз болушу үй-бүлөдө каржы маселелерин жаратат деген ойдо.
Асель Чоткараева Баетов айылынын тургуну
“Биз да башка үй-бүлөлөрдөй эле киреше жана чыгашаларды алдын ала эсептейбиз. Айылда ошого жараша оокат кылабыз. Албетте, түшүм болжогондой болбой калса үй-бүлөлүк каржыга таасир этет. Пайда албасак дагы чыгымын актаса жакшы. Бирок, чыгымын дагы актабай калган учур болот. Анан пландаган нерселерди ишке ашырууда үй-бүлөдө талаш тартыш болот. Күздө жакшылык көп болот. Барбай кое албайсың. Ушундай маселелерди чечүүдө көйгөйлөрдү жаратат”.
Барчын Мамытбекова