Алтынай Нурбекова үй кожойкеси, Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында турат. Жогорку билим алган жокмун, же иш жок дебестен үйдөн эле нандын түрлөрүн жасап, кызмат көрсөтөт.
Нандын бир нече түрүн жасайт
«Мен өзүм ашпозчулукту окугам, нан жасоону болсо эжелеримен жана интернеттен карап үйрөнгөм. Нандын пирамида, боорсок, таттуу кекстерди, чакчак, булочкаларды жасайм.
Бир пирамида нанын жасоо үчүн үч саат убакыт кетет. Нандарга май кошуп жасагандыктан эки күн катыбайт, кадимки калыбында сакталат. Ар биринин салмагы өлчөп, граммына жараша татымал, сүт кошом. Он даана булочканы жасоого эки жарым саат убакыт кетет. Туруктуу кардарларым да бар, алар дайыма нанга буйрутма берип турушат. Чыгымын актайт, кошумча киреше табууга болот» деди.
Алтынай Нурбекова жасаган гүлдөр
Алтынайдын айтымында буюрутма кобүнчө тойлордун учурунда, корпоративдик кечелерге көп болот. Нан жасоодон тышкары гафриден жана лентадан гүлдөрдү жасайт. Өзү лентадан жасалган гүлдөрдү жактырат жана аны узак убакытка сактоого болот.
Зарина Бейшеналиева