Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенти Асель Жолдошбекова чычырканак менен сүзмөнүн аралашмасынан жаңы вирус аныктаган. Ал бул эмгеги менен Кыргызстанга эле эмес чет өлкөгө чейин таанылган. Асель Жолдошбекованын эмгеги Орусиянын Чебоксары шаарындагы Илимий кызматташтык борборунуна жөнөтүлүп, аталган борбордон ага эмгегин тастыктаган күбөлүк тапшырылган.
Асель Жолдошбекова
Асель Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде билим алган. Учурда ал Нарын мамлекеттик университетинин агрардык техникалык факультетинде 2-курсту аяктады. Асель изилдөө үчүн чычырканакты жана сүзмөнүн сары суусун пайдаланган:
“Мен кесибим боюнча айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү адистигинде билим алам. Башкача айтканда кесибим тамак-аш технологу деп аталат. Бул иш менин билим жаатындагы эң алгачкы эмгегим болду. Эмгегим 5-июнь экология күнүнө карата даярдалган эле. Изилдөө үчүн чычырканак өсүмдүгүн жана сүзмөнүн сары суусун алдым.»
Аселдин айтымында, аралашмадан кийин пайда болгон суюктукту изилдегенде, ал аллергияны пайда кылат экенин аныктаган.
«Чычырканактын ширесин бөлүп алып, ага сүзмөнүн сары суусун аралаштырып, анын кычкылдуулугун текшердим. Аны изилдесек, аллергияны пайда кылат экен. Биздин максатыбыз сүзмөнүн сары суусунун курамындагы лактозаны азайтуу болчу. Бул процесс бир айга чейин созулду. Суюктукту муздаткычка сактадык. Ар бир 10 күн сайын анын кычкылдыгын жана лактозанын санын текшерип жаттык. Бара-бара лактозанын саны азайып, акыры бүт баары жок болду. Бул мен жасаган ачылыш илимде жаңылык деп айта алам.
«Менин жакындарымдын, мугалимдеримдин колдоосу, өзүмдүн аракетимдин аркасында ийгилик жаралды. Алдыдагы коп максаттарыма жетип, айылымдын, мектебимдин сыймыгы болууга аракет кылып жатам»,-дейт студент Асель Жолдошбекова.
Аталган окуу жайда Асель сыяктуу илимий иштерди жасаган студенттерди атайын китепке киргизип турушат. Мындай кадам окуу жайдын тарыхын, студенттердин ийгиликтерин тарыхта калтырууга шарт түзөт.
Гулнара Кенжеш кызы