Турмуш курууда “ала качуу”-салты деген атты жамынып кыздарды мажбурлап никеге тургузуу максатында адам уурдоо аркылуу үй-бүлө кургусу келгендер бар. Бул биринчиден кылмыш, экинчиден мындай жол менен бакубат үй-бүлө курулбасын адистер айтып келишет.
Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Айдай Тилекованы (аты өзгөртүлдү) жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезинде ала качып кетишкен. Ал эл арасында калыптанып калган түшүнүктөргө байланып, отуруп калган:
“Ал кезде мен 3-курста билим алып жаткан учурум эле. Мени тааныш кызым эшикке чыга калчы, сага келдим эле дегенден чыксам балдар мажбурлап машинага салып, айылга ала качып келишкен. Мен ал баланы тааныбагандыктан макул болгум келген эмес, бирок апам мага эгерде ала качып кетишсе, “Аттаган үйдөн артка чыкпай отуруп калуу керек” деген ойду аң сезимиме сиңирип койгон эле. Ушул ойдон улам, мен кетип калсам бактысыз болуп калам го деп отуруп калдым.”
Айдай көп жашабай эле андан сын-пикирлерди угуп, зомбулукка кабыла баштаган. Аны башка үй-бүлө мүчолөрү көрүп турса да, байкабаганга аракет кылганын айтат:
“Биз көп жашабай эле урушуп баштадык. Ал менин билим алуума каршы болуп, үйдө отурганымды каалады. Пикир келишпестиктен улам кол көтөрө да баштады. Үйдөгүлөр баарын көрүп турушса да эч бир кой деп коюшкан жок. Бир күнү боюмда бар экенин билдим, аябай кубандым. Жолдошума айттым, жакшы кабыл алды. Балким бала биздин мамилебизди өзгөртөт деген ишеним менен кубанып жүрдүм.”
Айдайдын бактысы көпкө созулбай, ай күнүнө жетип калган учурда баласы ара төрөлүп чарчап калган. Мындай окуянын болушуна жолдошу себеп болгонун айтат:
“Ай күнүмө жетип калган учурда жолдошум мажбурлап узак жолго алып чыкты. Достору менен шеринеси бар эле. Зомбулуктан коркуп, макул болуп жолго чыктым. Балам ара төрөлүп, ооруканага түшүп калдым. Эки күн өтпөй чарчап калды. Ошондо мен өзүмө чечим чыгарып, ажырашууну чечтим.”
Азыркы тапта Айдайдын үч уулу бар. Ал өзү тандаган жигит менен баш кошуп, бактылуу жашап келет. Эгерде Айдайдын апасы эл арасында калыптанып калаган көз караштарды ага таңуулабаса, анда анын жашоосу башынан эле башкача болмок.
Гендердик эксперттердин айтымында, ала качууга туш болгон кыздардын көпчүлүгү физикалык, экономикалык, психологиялык зомбулукка кабылышат. Ал эми эл арасында калыптанып калган ала качуу түшүнүгү кылмыш экенин Бактыгүл Исланбекова баса белгилейт:
“Кызды ала качуу бул эч кандай салт эмес, бул кылмыш экенин эч качан унутпашыбыз керек. Себеби, бул адамды урдоо, анын макулдугу жок турмушка чыгууга мажбурлоо. Ошондой учурларда кыздар психологиялык жактан гана эмес, сексуалдык, экономикалык зомбулукка кабылышы мүмкүн. Ала качкан адам кызды «аны менен калып, башкага барбасын деп» зордукташы мүмкүн. Кыргызстанда кыздык культ бар болгондуктан, ала качкан адам кызды сөзсүз түрдө анын аялы кылынуу көздөп, мындай түшүнүктү өз кызыкчылыгына пайдаланат. Мындай кадамдар кыздардын каалоосу жок боюна бүтүүсүнө, депрессияларга, ажырашууларга, үй-бүлөнүн бузулуусуна алып келет. Ала качууну эч качан романтикалоого болбойт. Бул жерде жабырлануучу милицияга ала качуу үчүн гана эмес, зордуктоо боюнча да кайрыла алышат.”
Кыз ала качуу КР 2013-жылдын 25-январындагы № 9 «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 155-беренеси боюнча аялды никеге турууга мажбурлоо, эркине каршы никеге туруу үчүн аялды ала качуу беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/203816?cl=ky-kg)
Акылай Алмазбекова