Кызды ала качып баргандагы улуу муундагы аялдардын стереотиптүү көз караш менен “Таш түшкөн жеринде оор”, “Эшик аттап калдың, эми кетсен бактысыз болосун”, “Кана мени аттап өтүп кетчи” деп босогого жатып алып кыздарды өзү каалабаган тааныбаган жигитке турмушка чыгуусуна мажбурлашат.
Каарманыбыз Асылай Ташматова Ноокен районунун Масы айылынын тургуну 34 жашта, ал мындан он жыл мурда алып качууга туш болгон. Анын айтуусунда бир жолу да көрбөгөн жигит алып качкан. Ата-энесине “кыз өзү макул болду”- деп жалган айтышкан.
“Ата-энем келет деп күттүм, келип алып кетишет дедим. Бирок алар келишпеди. Женемдер келишип “Бир түн түнөп калдың, эми тийбесең болбойт”- дешти. Ошентип мени калтыра турган болушканда, мен сүйлөшүп жүргөн жигиттиме чалып “алып кет”- дедим. Ошентип жигитим келип мени сууруп чыгып, алып кетти. Анын ата-энеси мени жакшы кабыл алышты. Мен коркуп кайненеме “мени бир түн түнөдүң эми бактысыз болосун”- деген кемпирлердин айтканы кулагыма угулуп, тынчтык бербей жатканын дароо эле айттым. Кайненем мени карап ал жөн гана сени алып калуунун айласы деди. Бактылуу болуу экөөнөрдөн деп, батасын берди. Сүйүнүп калдым. Он жылдан бери жолдошум экөөбүз ошол ала качуу күнүн бир да эстегибиз келбейт. Азыр бактылуумун. Эл арасында айтылган стереотиптерге ишенбей өз бактыңарга умтулгула демекмин”.
Ооган-Талаа айылынын тургуну Гулзина Мамаева дагы кызды турмуш куруга мажбурлоо туура эмес деп ойлойт. Кызды ала качып барып өзү сүйлөшпөгөн көрбөгөн жигитке турмушка берүү туура эмес. Мында эң алгач кыздын тандоо укугун тебелеген болобуз деп билдирди.
“Ал эми кемпирлердин “Кыз бир астана аттап калды, эми бактысыз болот” деген сөздөрүнөн коркуп кыздар отуруп калышчу. Негизи бизде стереотиптер өтө эле көп, ал кыздын багына балта чабат. Мен бир эшик аттап калыпмын деп эле сөзсүз тааныбаган адам менен өмүр бою жашоо өтө кыйын. Мен кыздарды зордоп алып качкандарга каршымын. Бирок акыркы мезгилдерде ала качуу азайды. Мурунтан кыздарды алып качып кыздардын тагдыры чечиле турган, барган жеринде отуруп кала турган болсо эртенки тагдыры кандай болот? Ошол менен бактылуу болуп кете алабы же жокпу? суроолорго жооп табуу өтө кыйын. Анткени ага эч ким жооп бере албайт. Качан гана кыз-жигит сүйлөшүп, сүйүшүп эки тарап макулдашуу болгондо гана бул суроолорго жооп табылат. Экөө тен турмуштун тизгинин тең тартышып, экөө тең бактылуу болушат. Эч нерсени көрбөгөн жаш кыздарды алып барып отургузушат. Алар эч нерсени билишпейт, түшүнүшпөйт. Турмушка даяр эмес болот. Турмуштун оорун, жеңилин бирге кыйналбай тартуу үчүн эки тарап сүйлөшүп, ата-энеси менен тааныштырып, болочоктогу келинин апасына көрсөтүп алып жатышат. Бул жакшы жөрөлгө эң жакшы. Менин айтаарым эч качан кыздарды ала качышпасын. Мен эне катары каршымын. “Сен бирөөнүн эшигин аттап келгенсин”- деп стереотип менен караган аялдарга да каршымын. Мындай көрүнүштөрдү таптакыр жокко чыгаруубуз керек. Энеге деле кызынын, уулунун бактысы эң маанилүү. Ошондуктан аларды турмуш сапарына шашылбай, жаштарга тандоо укугун берүүбүз керек.
Эки жаштын макулдугу менен турмуш курушуна ата-эне да көмөктөшүүсү керек. Менин алты балам бар. Кыздарымы да балдарымы да өздөрү каалаган кыздарды алып бергем. Ал эми кыздарым да өздөрү тандап тою менен турмушка узаттым деди 78 жаштагы пенсионер Айдарали Аматкулов.
“Илгери деле зордоп ала качуу аз болгон. Себеби эки жашты көрсөтүп,сүйлөштүрүп анан макул болсо алып качышкан. Бул да эканомикалык мумкүнчүлүккө карап болгон. Бул салт эмес. Анткени кыргыздарда деле мусулманчылыкта деле кызды зордуктап турмушка беришкен эмес. Ал кийин пайда болду. Той кылууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, эки тарап сүйлөшүп алып качып кетчүү. Кийин эле жолдо бара жаткан кыздарды ала качууну салт кылып алышты. Бул туура эмес. Турмуш жолуна макулдашып анан аттануу туура деп эсептейм. Өзүм да макулдашып үйлөнгөм, алты баламы да макулдашып үйлөп жайладым. Баары бактылуу”.
Сурамжылоонун негизинде Ооган-Талаа, Чарбак айылдарынын жаштарынан «Алып качуу менен үйлөнөсүзбү же макулдашуу мененби», -деген суроо берилген анын негизинде 98% макулдашуу менен десе, 2% алып качып алам деп жооп беришкен.
Сурамжылоодон кийин жаштардын түшүнүгүндө кыз ала качуу жокко эсе болгонун байкадык.
Турмуш, жашоо, сүйүү булардын баары адамзаты үчүн эң маанилүү болсо,анда бактылуу жашоо үчүн макулдашып турмуш сапарына бирге аттануу жашоонун негизи болот.
Гүлназ Камбарали кызы