Акыркы жылдары адамдардын көбү, айрыкча жаштар өздөрүн ар тараптан өнүктүрүүгө аракет кылышууда. Ак-Талаа районунун Баетов айылында чоңойгон Мээржан Канатбекова математик болом деген кыялдын артынан түшүп, Австриядагы Вена Техникалык Университетинде кванттык эсептөө багытында докторантурада (PhD) окуп жатат. Илим жолуна түшкөн каарманыбыз математиканы гана окубастан, программалоону да үйрөнүүдө. Анткени бир гана математика көп нерсени бере албай турганын жакшы билет.
Мен да дүйнө кыдырам…
Бул Мээржандын кичине кезинде эле туристтерди көргөндөгү кыялы болчу.
Мектепти аяктагандан кийин (кыргыз-түрк кыздар лицейи) 4 башка мамлекеттин 5 университетинде,тагырак айтсам бакалаврды Турция, Польшадан окусам, магистратураны Италия менен Австриядан бүттүм. Ар бир өлкөнүн жашоо образы, билим берүүсү, маданияты дегеле бардык нерсеси ар башка. Чет өлкөгө кетип жатканда жалгыз болоорунду, өзүңө-өзүң тын, өзүңдү өзүң карап жүрүшүң керек экенин билип, ошого жараша даярданып кетиш керек. Кайсы жерге бара турган болсоң алардын маданиятын, мыйзамын (жөнөкөй жарандарга М.К) жакшы билип алыш керек. Ушулардын бардыгына көнүш үчүн убакыт талап кылат. Чет өлкөдөгү жогорку окуу-жайларга тапшыруу үчүн эң кеч дегенде 10-класстан даярдана башташ керек. Каалаган өлкөгө тапшырганга болот, болгону шарттары башкача болушу мүмкүн.
Мектепте математиканы жакшы окугам
Мээржан мектепте окуп жүргөн кезде математикадан олимпиадаларга катышып, алдынкы орундарды жеңип алып турган. Андан тышкары математика айкалышкан көп кесиптеп бар болгондуктан окууну бүткөндөн кийин бир эле кесиптин ээси эмес, өзүн улам өнүктүрүп, жаны кесиптерге өтүп кетүүгө ыктаган. Албетте үй-бүлөдө чет өлкөдө окуган жалгыз Мээржан эмес. Эжеси Нурмира Жамангулова Кытайда бир нече жылдан бери жашап, эмгектенсе, иниси Дастан да ошол эле Кытайда билим алат. Чет өлкөгө тапшыруу жана кесип тандоо боюнча дал ошол эжеси кенешин айткан. Ал эми ата-энеси ар дайым шык берип, жаккан жана келечекте дагы керек боло турчу кесип танда деп колдоо көрсөтүп турушат.
Австрияда кыздар менен балдардын укуктары бирдей
Биздин кыргыз кыздары аябай тың жана чыдамкай келишет. Төгөрөгү келишкен кыз болушум керек деп өздөрүн тыйып жана күйөөгө тийип жакшы келин болушум керек деп ойлонушат. Мен бул нерсеге каршы эмесмин, бирок ар бир киши биринчи өзүнүн ордун таап, билимин толук алып, бир кесиптин ээси болушу зарыл. Италия жана Австрияда кыздар- балдар билимге, өздөрүнө көп көңүл бурушат. Окуп жүргөндө эрте бүтүрүп иштеп баштайын деп шашылашпайт. Себеби студенттер ар кимиси окуу расписаниясын өздөрүнө ылайыктап түзүшөт. Жеке ишканалар атайын студенттерге деп жарым күндүк жумуш орундарын бөлөт. Ошол себептен окуу менен ишти бирдей алып кеткенге толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Жалпысынан Австрияда кыздар менен балдардын укуктары тең. Табигый илимдерде жана инженерия тармагында иштеген кыздардын саны балдардыкына салыштырмалуу азыраак. Муну жоюш үчүн ишканалар ушул тармактагы жумуш орундарына алып жатканда кыздарга көбүрөк орун беришет.
Баланын ийгилигинде ата-эненин колдоосу маанилүү
Кыздардын ийгиликтүү болушуна биринчиден үй-бүлөсү, тагыраак айтканда ата-энеси, андан кийин чөйрөсү таасир берет деген ойдомун. Эгерде кыздарды ата-энеси колдоп, кайдыгер карабай окуусуна, жетишкендиктерине көңүл буруп, андан дагы өсүп-өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп турса, кыздар бат эле жолун таап кетет деп ишенем. Ата-эненин ишеними дагы уул-кыз үчүн маанилүү.
Илим-билимдүү жаран өлкөгө өзгөрүү алып келет
Кыздардын эле эмес, өлкөбүздөгү бардык жарандардын билимдүү болушу мамлекеттин өнүгүү жолунда чон өзгөрүүлөрдү алып келет. Бирок мен өзүн-өзү сүрөгөн, өнүктүргөн, жаңыланууларга (өзгөрүүлөргө) ачык жана даяр болгон инсандарды билимдүү деп эсептейм. Себеби азыр илим-билимди ала турчу жер ЖОЖдор эле эмес.
Эмнеге арттабыз…
Австрияда магистратурада окуп жатып, андан кийин Докторантурада иштеп жатып бул жерде жүргүзгөн илимий изилдөөлөр менен Кыргызстандагы университеттерде жүргүзгөн илимий изилдөөлөрдүн айырмаларын көрүп жатам. Бирок Кыргызстанда дагы аябай күчтүү илимпоздор бар (өзгөчө математиктер М.К) , анда эмнеге биз изилдөө жагынан бир аз артта калганбыз деп ойлоно берем. Ошол себептен Ош мамлекеттик университетинин студенттерине азыркы убакытта (хит) болуп жаткан изилдөөлөр (мисалы супер компьютер, искусственный интеллект, дата анализ) менен бөлүшүп турам. Алдыда Кыргызстандагы башка университеттер менен кызматташууну ойлонуштуруп жатам.
Кыргызстанга кайтып келүү-азырынча бул суроону ойлонуштура элекмин.
“Күнүгө жарым саат апам менен сүйлөшөм…”
Детектив же окуялар аркылуу бир өлкөнүн тарыхын, ошол мезгилдеги жашоосун (үстүртөн) баяндаган чыгармаларды окууну жактырам. Мисалы Шелдон Сидни. Китептерди көбүнчө онлайн версиясынан окуйм, себеби дайыма жеткиликтүү, жана айта турчу дагы бир нерсе, Чынгыз Айтматовдун англисчеге которулган онлайн китептерин табуу кыйла кыйын. Бирөөлөргө сунуштаганда, көп учурда жок болуп чыгат.
Күнүгө жумуштан кийин апам менен жарым саат сүйлөшөм, күн ичинде болгон жаңылыктар менен бөлүшөбүз. Калган бош убактымда 30-35 км шайтан араба тебем, йога кылам, жаны жерлерди көргөнү барам.
Билим алуу эч качан кеч эмес
— Эгер сиз чет өлкөдө билим алууну кааласаңыз озүңүзгө жаккан же бирөөлөр сунуштаган өлкөлөрдүн тизмесин түзүп, ошол өлкөлөрдөгү 2-3 университеттерин вебсайтына кирип тапшыруу талаптарын, окуу акысын карап чыгуу зарыл.
— Ал өлкөлөрдөгү студенттерге берилген женилдетүүлөрдү (окуудан тышкары эмне менен алек болсо болот, жарым күн иштөө мүмкүнчүлүктөрү), өлкөнүн жашоо-шартын изилдеп чыгуу.
— Бардык плюс минустарын көрүп, анан ата-энеси менен жакшылап кенешип чечим чыгаруу керек.
Барчын Мамытбекова