Экономикалык зомбулуктан жабыр тарткандардын көпчүлүк бөлүгү — аялдарды түзөт. Зомбулуктун бул түрүнө кабылган аялдар психикалык жактан да жабыр тартышып, ден-соолугунун начарлашы, үй-бүлөсүнүн бузулуу коркунучу астында болушат.
Психолог Бирлик Макенов экономикалык зомбулуктун белгилери, ден соолукка тийгизген таасири, анын жыйынтыгы эмнеге алып келерин жана аны кантип алдын алууга болорун айтып берди.
“Экономикалык зордук зомбулуктун белгилери- бул качан адам башка адамды финансылык жааттан бууп , анын укугун эске албай, “Иштебе сага акчанын эмне кереги бар? Үйдө отур менин сөзүмдөн чыкпа”- деген сыяктуу сөздөрдөн башталат.
Анын жыйынтыгы, мисалы аял кишинин байкуш (жертва) абалында калышына алып келет, башкалардан көз каранды болуп калат. Ал эми көз каранды адам эч кимге жакпайт. Көз карандылык түшүнбөстүктөргө, үй-бүлөлөрдүн бузулушуна, балдардын бактысыз болушуна жана ажырашууга алып келет”.
Психологдун айтымында бул нерсе убакыттын өтүшү менен стресс, депрессияга алып келет. Ошондон улам уйку начарлап, адамдын иштегенге эмес жашаганы да каалоосу калбай калат.
Экономикалык зомбулуктун алдын алуу үчүн эң негизгиси адамдар акчаны кантип башкарууну үйрөнүү керек. Ансыз бул маселе чечилбей кала берет деп кошумчалады.
“Аял иштеши керек, бирок суйгон жумушу болуу өтө маанилүү. Анткени, аял үйдө да иштеп, сыртта да иштеген болсо аягы баары бир эмоционалдык жактан өрттөнүүгө алып келет. “
Бирлик Макенов экономикалык зомбулука кабылган аялга потенциалына жараша мамиле кылып, алсыз жааттарды эске алуу менен бирге күчтүү жагына маани берүү зарыл экенин белгиледи.
Ошол эле учурда ишкерлик кылып, үй-бүлөсү менен бирге чечим кабыл алып экономикалык жактан көз карандысыздыкка жеткен айымдар дагы жок эмес. Алардын бири Куу-Майдан айылынын тургуну, ишкер Назгүл Абдразакова.
“Мен 2001 жылы турмушка чыкканмын. Ошодон бери 14 жыл үйдө отурдум, үй жумуштары менен, 4 балалуу болдум. Анын арасында мал-ал кылып, эгин-тегиндерди сатып, жолдошум экообуз кеңешип, 2015-жылы дүкөн курдук. Ага чейин өтө кыйналдык, 7 жылдан бери кудайга шүгүр, күнүмдүк тиричиликке, той топурга болуп жатат, 2 студентимди окутуп жатам. Элдин керегине жарап жатабыз”.
Аймончок Кожонова