Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Айбашев атындагы орто мектебинде «Заманбап мугалимдин кесиптик компетенциялары» деген темада психолог Жыпаргүл Шербаева мугалимдерге сабак өттү.
ОшМУнун педагогикалык мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖРТга даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жыпаргүл Шербаева: «Педагогика жана психология кафедрасында 28 жылдан бери эмгектенем. Бүгүн мен Заманбап мугалимдин кесиптик компетенциялары деген темада сабак өттүм. Эмне үчүн дегенде? Бүгүнкү мугалим заман талабына ылайыктуу адис болуш керек. Дүйнө өтө бат темп менен өнүгүп жатат, ошол дүйнөгө туруштук бере турган жарандарды тарбиялоо максатында өтүп жатам. Бүгүнкү сабака жалпысынан 25 мугалим катышты», — деп билдирди
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин англис тил мугалими Дамира Абдыраимова: «Бүгүнкү сабак биз үчүн өтө таасирдүү болуп жатат. Биз азыркы учурда окуучунун мугалими болбой, сабактын мугалими болуп калдык. Программа боюнча эле сабак окутуп, окуучунун ичиндеги жан дүйнөсүн алып чыга албай калдык. Бүгүн мына ошол сабактын жолдорун Жыпаргүл эжеке бизге үйрөтүп жатат»,- деди.
Жумагүл Көчкөнбаева