Мугалимдик кесип ары татаал, ары жоопкерчиликтүү, ары кызыктуу кесиптердин бири. Себеби, мугалим келечек ээлери болгон жаш муундун түптөлүшүнө зор салым кошуп, билимин берип, алгач дүйнөнү тааныткан адам. Ушундай ардактуу кесипти аркалап, өзүнүн өмүрүн агартуу тармагына арнап, келечек муундун билим-тарбия алуусуна, Балыкчы шаарынын Билим берүү тармагына чоң салымын кошкон Канчайым Абдыкеримова менен маек.
Эфирди алып барган: Алихан Муратов