Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында жайгашкан №25 профессионалдык лицейдин окуучулары үчүн эки мамлекетте өз ишин ачкан жеке юрист Гулиза Акматсияеванын ишмердүүлүгү тууралуу презентация өткөрүлдү.
Жолугушууда лицейдин окуучулары чет өлкөдө бизнес ачуу үчүн билим алуунун маанилүүлүгүн, өлкөнүн мыйзамдарын жакшы билүү керектигин жана ар бир койгон максатыңа жетүү үчүн талыкпай эмгектенүүсү керек экендигин биле алышты.
Лицейдин окуучулары Орусияда жакын адамдары иштеп жаткандарын белгилеп, жеке юристке өз ишин ачуу боюнча кеңеш алуу жолдорун сурап жатышты. Балким, Гүлиза Акматсияеванын жардамы менен өз ишин ачкан мекендештерибиз да көбөйөт. Алардын айтымы боюнча көп мигранттар өз укуктарын жакшы билбегендиктен ар кандай алдамчыларга алданып калгандар да бар. Юридикалык жардам сурап кайрыла турган жерди билбегендерге өз мекендешибиз иш ачып, жардам берип жатканы эң жакшы жетишкендик экенин айтышты.
Белгилей кетсек, расмий маалыматтар боюнча, чет өлкөлөрдө 1 млн дон ашык кыргыз жарандары эмгектенишет. Өз укугун, өлкөнүн мыйзамын билбегендиктен, мыйзамсыз эмгектенүү сыяктуу учурларда мигранттар адам сатууга кабыл болгондор да бар. Ошол себептен, эмгек миграцияга чыга турган адамдар, бул кадамга баргандан мурда кылдаттык менен алдын-ала туура даярдык көрүүсү абзел.
Москвадагы жеке юрист Гулиза Акматсияева жөнүндө толук макаланы төмөндөгү шилтеме аркылуу окуй аласыңар.
Венера Шонкоева