Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы жамааттык мультимедиа борборунда тренинг болуп өттү. Тренингге жалпысынан он ыктыярчы кабарчы окуучу катышты.
Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Чынара Нурманова тренингдин окуучуларга тийген пайдасы өтө чоң экендигин билдирди. Чынара Нурманова кабарчыларга мындай окутуулар абдан зарыл экендигин баса белгилеп, айылдагы кызыктуу маалыматтар, көйгөйлөр кабарчылар аркылуу убагында чыгып тураарын айтты. Бул тренингге кызыккан окуучулардан алтынчы каласстан тогузунчу класска чейинки он окуучу катышты. Жаштарына чектөө жок.
Жамааттык медианын журналисти, тренер Айгерим Кубатбекова «Бүгүн 7-8-ноябрь күндөрү Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борборунда жаш кабарчыларга сайтка материал жазуу, кыргызмедиа сайтынын стандарттары деген темаларда тренинг болуп өттү. Анда кабарчылар интервью алуу, материал даярдоо боюнча билимдерди алышты», — деди.
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Дарика Жалалидинова «Бүгүнкү тренинг мага аябай жакты, оюндар менен коштолуп көңүлдүү өтүп жатат. Себеби мен буга чейин интервью алууну, жаңылык жазууну билчү эмесмин. Бүгүнкү тренингде баарын билип алдым», — деп бөлүштү.
Семинар Жамааттык медиалардын бирлиги тарабынан уюштурулуп, DW Академиясынын колдоосу менен ишке ашырылды. Катышуучулар үчүн керектүү колдонмолор таратылып берилди.
Жумагүл Көчкөнбаева