Венера Асанбекова (аты-жөнү өзгөртүлдү)-37 жашта, учурда Ак-Талаа районундагы айылдардын биринде жашайт. Өзүнүн айтымында эки агасы, эки иниси өз жолдору менен кетип, очор-бачар болушкан. Ал эми өзү турмушта ала качуунун курмандыгы болуп, али күнгө чейин азабын тартып келет…
Көз карашы жагымсыз, суз тиктеген адам экен
“Окууну бүтүп, ата-энеме жардамдашканча деп бир аз убакыт айылда туруп калдым. Айылда билесиздер да, баласы үйлөнө турчунун баары бойго жеткен кызы бар үйдү шынаарлашат. Менде дагы ошондой болду. Биздин үйдөн ары бир көчө жашаган эже күн алыс эле ар нерсени шылтоолоп үйгө келе берчү болду. Кээде апам экөөбүздү чайга чакырат. Ал эженин балдары жаш болгондуктан оюма жаман нерсе келбеди. Анан бир күнү иниси бар экенин, үйлөнүүгө жашы келгенин айтты. Менин башка максатым бар болгон үчүн жөн гана “жигитим бар” десем, “таанышып көр, жакпаса кыйнабайбыз” деди. Ошентип иниси менен тааныштырды. Бир көргөндө эле көз карашы жаккан жок”.
Кемсинтүү, басмырлоо улана берди…
Бул таанышуудан көп өтпөй эле Венераны райондун борборуна барган жерден ала качып кетип, кемпир-кесек тегеректеп “биз деле ушинтип келин болгонбуз” деп зордоп отургузуп койгон. Босогону аттап чыгып кете албаган Венеранын тозок жашоосу бир айга жетпей эле башталган. Өзү бой салбай, көнбөй кыйналганы, күйөөсүнүн “жигити бар имиш” деген кер какшыгы аз келгенсип, кайын энеси, кайын эжелери да кошумча боло башташкан. Канча ирет кетип калып, эркек балдары аталап ыйлап, кайра келип, айтор ал арада он жыл өттү. Жашоосунда өзгөрүү болгон жок… Жалгыз кызынын жашоосуна кейиген атасы илдетке чалдыкты.
Улут трагедиясы
Венеранын окуясы турмуш чындыгы, ала качуунун курмандыгы болгон кыргыз кыздарынын трагедиясы. Ала качууну салт деп карманып алгандар кыздардын тагдырына биротоло балта чаап жатышканын түшүнбөгөндүктөн бул уланып келатат. “Аялдарды колдоо борбору” коомдук бирикмесинин маалыматына таянсак(http://wsc.kg/problema-krazhi-nevest-v-kyrgyzstane/) , бир күндө Кыргызстанда 32 кыз ала качууга дуушар болот. Ал эми анын аягы өлүм менен аяктаган учурлар да жок эмес. Ала качуу кылмыш деп саналып, (КРнын Жазык Кодекси 172-174-беренелер)жаза күчөтүлгөнү менен ал кагаз жүзүндө кала берүүдө.
Эмне үчүн эркектер кыздарды уурдашат?
Психика жана аң-сезим жаатындагы адистер өзүнүн сезимдерин баалабаган, көрө албаган адамдар айланасындагы адамдардын дагы сезимдерин баалабайт. Дал ошондой эркектер кызды деле көндүрүп алса болот, көнүп кетет деген түшүнүк менен ала качууга-кылмышка барарын белгилешет. Психолог Жумаказы Жуманазаров мындай түшүнүктөгү эркектердин тарбиясына үй-булөлүк тартип себепкер болорун айтат:
“Эркек баланы кичине кезинде каалоосуна ата-эне каршы чыга берсе, мисалы, таттуу жегиси келсе, болбойт башкасын жейсиң десе, ойнойм десе ойнобойсуң десе ж.б. Муну менен ата-эне үй-бүлөдө эле баласынын өзүн сезе билүү, уга билүү сезимдерин жокко чыгара баштайт. Бала чоңоюп алган тарбиясы боюнча башкалардын дагы сезимдери менен эсептешпейт, аны норма деп эсептейт. Экинчиден, норма катары кабылдагандар ала качат. Бирок бул салт эмес, кылмыш”.
Мен дагы ала качып үйлөнгөм, бирок
Биз сүйлөшүп жүрчүбүз дейт Үгүт айылынын тургуну Өмүрбек Карыбеков. “Бала-чакалуу болуп, бири-бирибизди түшүнүп, колдоп жашап келатабыз. Негизи эле турмуш курарда олуттуу мамиле кылып, ата-эне дагы туура кеңеш берүүсү керек. Мурда кыз-жигит сүйлөшүп, көңүлдөрү туура келип, турмуш курууга шерттешкенде ата-энесинин макулдугу менен “ала качты” кылып үйлөнүшчү экен. Азыр эми кыздын сезими, макулдугу менен эсептешпей эле, уурдап кеткени туура эмес. Мен бул нерсени колдобойм. Уулума, кызыма дагы мажбурлап, мындай мамиле жасалуусун каалабайм. Ушу менен жашайм деп көчөдөн эле тааныбаган бирөөнү ала качып келгендерди түшүнбөйм”.
Кесепети кимге?
Психолог Жумаказы Жуманазаров ала качуунун кесептети экөөнө тең ийгиликтүү нике же ийгиликтүү жашоо алып келбей турганын кошумчалап, төмөнкүлөргө токтолду. “Мисалы, кызды ала качып келип, отургузуп коюшту. Ага өзүнүн төркүнү да кошумча болушту дейли. Кыз өзүнө алсызмын деп чечип, өзүн-өзү балоосу төмөндөйт. Бул ден-соолукка таасир берет, ар кандай илдеттерге каршы иммунитети төмөндөй баштайт. Өзү жашоого күрөшпөсө, иммунитет да күрөшпөйт.
Ала качуу боло берет деген эркектер агрессияга жакынырак болот. Ал эми агрессия кан басымды жогорулатуучу илдеттерге(инфарк, инсульт) алып келет. Эгерде эркек киши башкалардын сезимин, башка адамдар да бар экенин тааныса, башкалардын үнүн укса, анда анын ачуулануу адаты дагы калат”.
Өзүңдүн да, өзгөнүн да убалына калба
Турмуш кура турчу эки адамдын тең бирдей болуп, ушу адам менен жашап кете алам деген ниети болуш керек. Ошондо бири-бирине түшүнүп, тең салмакты сактап жашап кете алышат. Эгерде кыздын каалоосу болбосо, анын эркине каршы чыгып, мажбурлоого эч кимдин укугу жок. Ар кандай түшүнүктөрдөн(каргыш, эл эмне дейт, ж.б) коркпоо керек.
Жеңил ойлуулук, же достордун “ала качып берем” деп шерденгени менен оолугуп, келечек жашоону талкалап алгандан алыс болуу туура. Турмуш куруу оюнчук эмес, өзүнүн да, бирөөнүн дагы убалына калбай, терең ойлонуп жасалчу кадам.
Барчын Мамытбекова