Өлкөбүздө Covid-19 илдетин жуктуруп алгандар күн санап өсүүдө. Дарыгерлердин жардамы менен бир нечеси сакайып, үйлөрүнө аман-эсен кайтууда, анткен менен каза болгондор да бар. Ал эми Нарын облусунун Кочкор районун Төлөк айылында Covid-19 илдетине чалдыккан адамдар катталган эмес. Абал туруктуу дейт Төлөк айылындагы үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун улуу эмчи айымы Гулбара Жакебаева.
«Айыл тургундарына санитардык эрежелерди жана аралыкты сактоого чакырып жатабыз. Ооруканага келген бейтаптар маскасы менен келүүдө. ФАПта антисептик,маска даяр турат, фильтр менен иштөөдөбүз.
Мектепте да абал жакшы,балдар маска менен келүүдө ар бир эки саат сайын класс жетекчиси балдардын маскаларын алмаштырып турууну эскертип турут. Ар бир бала 3 маска, антисептик менен келет. ФАПтын кызматкерлери күнүгө эртеӊ менен барып балдардын,мугалимдердин температурасын ченеп турабыз. Мектеп өздөрү да журнал уюштуруп көзөмөл жүргүзүп жатат. Мындай көрүнүш бала бакчада да, айыл өкмөттө да сакталууда. Бир гана айыл тургундарынын айрымдары маскасы жок көчөгө чыгып кетишүүдө. Бирок аларга да жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,эскертүү берүүдөбүз.»
Айыл ичинде бүгүнкү абал тынч. Эгерде, Covid-19 илдети айылда катталып, жайыла турган болсо айыл ичин дезинфекциялоо иши өкмөт тарабынан ыкчам жүргүзүлөт. Анткени, баарына даяр болушубуз керек. Ал эми абал курчуй турган болсо бейтаптарды кароодо ФАПтын кызматкерлеринин атайын медициналык формалары да даяр экенин билдирди.
Тогуз-Тородо коронавируска каршы эмдөө башталды
Бурул Майрамбек кызы