Нарын облусунун Ак-Талаа районуна өткөн жылы 3829 чет өлкөлүк турист келген. Акимдин орун басары Каныбек Эсеналиевдин айтымында, 2024-жылы 6905 ички туристтерден 2 млн 792 миң сом киреше түшсө, ал эми тышкы өлкөлөрдөн 3829 турист келген. Алардан 5 млн 241 миң сом киреше түшкөн. Жалпы, 2024-жылы келген туристтерден 8 млн сомдон ашык каражат түшкөн. 2024-жылы келген эс алуучулардын саны 2023-жылга салыштырмалуу 2842 кѳбөйгөн.
Туристтердин көпчүлүгү Корея, Израиль жана Европа өлкөлөрүнөн келишет
Соң-Көлдө туристтер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн
«Туристтер бардык эле өлкөдөн келишти. Көпчүлүгү, Корея, Израиль жана Европа өлкөлөрүнөн көп келди. Туристтерди тартуу максатында жыл сайын июль айынын акыркы жумасында “Манас, маданият жана туризм» фестивалы өткөрүлүп турат. Туристтер үчүн өзгөчө Соң-Көл жайлоосунда жакшы шарттар түзүлгөн», — деди К.Эсеналиев
Барчын Мамытбекова