Ак-Талаа районундагы «Турук» көмүр кенинде 2024-жыл ичинде жалпы 44 миң 712 тонна көмүр казылган.
«Турук» көмүр кени
Акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыровдун айтымында, 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр отуну менен камсыздоо максатында «Турук» кенинде «Ырыс-Кен», «Кенч-Строй» жоопкерчилиги чектелген коому жана «Ак-Талаа көмүрү» мамлекеттик ишканасы көмүр казуу иштери менен алектенген.
Белгилүү болгондой, 2023-жылы 40 585 тонна көмүр казылган болсо, 2024-жылы 4125 тоннага ашык көмүр казылган. Тактап айтканда, 44 712 тонна көмүр казылып алынган. 2023-жылы 2023 жылы «Ырыс кен» тарабынан 9 667.8 тонна, «Кенч-Строй» тарабынан 22 миң тонна, «Турук Майнинг» тарабынан 1500 тонна, Сай-Ачык тарабынан 427 тонна жана «Ак-Талаа көмүрү» мамлекеттик ишканасы тарабынан 7 миң тонна көмүр казылса, ал эми 2024-жылы «Ырыс-Кен» ЖЧКсы 19330 тонна, «Кенч Строй» ЖЧКсы 2631 тонна көмүр казса, «Ак-Талаа көмүрү» мамлекеттик ишканасы тарабынан 23 615 тонна көмүр казылган.
Барчын Мамытбекова