Ак-Талаа районундагы Баетов айылында майыптыгы бар окуучулардын жеткиликтүү билим алышы жана аларды үйдө окутууну жакшыртуу боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага ата-энелер, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, ж.б тиешелүү өкүлдөр катышты.
Ак-Талаа РБББнүн башчысы Жайдарбек Сыдыковдун маалыматына караганда район боюнча мектеп жашындагы 138 майыптыгы бар бала бар. “Булардын ичинен 11 бала медициналык корутундунун негизинде окубайт. Ал эми 98и жалпы орто мектепте окуса, 29 окуучуга үйдөн билим берилет”- деди Ж.Сыдыков.
Акимдин орун басары Каныбек Эсеналиев майыптыгы бар балдар эч качан коомдон сыртта калбай билим алып, келечекте бир кесиптин ээси болуусу керектигин айтып, ал үчүн атайын борбордо тиешелүү шарт түзүүгө аракеттер көрүлүп жатканын, өзгөчө балдарды окутуу үчүн адистердин жоктугу дагы негизги көйгөлөрдүн бир экенин кошумчалады.
Майыптыгы бар балдардын ата-энелери да бул маселени баса белгилеп, психолог, логопед жоктугун, аутизм жана даун синдрому бар балдар үчүн атайын программа зарыл экендигин белгилешти.
Э.Карасартов атындагы орто мектебинин директору Н.Абылова үйдо окуган балдарга 9-классты бүткөндөн кийин күбөлүк берилерин айтса, ал эми Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын окуу бөлүмүнүн башчысы Ж.Курамышова өзгөчө балдарда тандоо укугу бар экенин-алар кааласа мектепте, кааласа үйдө окуша турганына токтолду. “Анткени кээде ал балдар дагы башка балдардай мектепке келгиси келет. Биз андай учурда жеке кабинет берип, шарт түзөбүз”-дейт Ж.Курамышова.
Эскерте кетсек,
Э.Карасартов атындагы орто мектебинде майыпьтыгы бар окуучуларга мугалимдер үйлөрүнө барып сабак берет.
Барчын Мамытбекова