Мирбек Асангариев – ишкер, Bridges, Mountain View Resort жана Touristan мейманканалар тармагынын негиздөөчүсү. Ал өз ишмердүүлүгүндө кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү.
«Биздин мейманканаларда күн энергиясын колдонуу негизги багыттардын бири. Bridges мейманканасында Чехиядан келген күн панелдери орнотулган. Бул технологиялар 2017-жылдан бери колдонулуп, ысык сууну камсыздоо үчүн колдонулат. Биз Бишкек жылуулук электро станциясына көз каранды эмеспиз, ал эми күн болбой калган учурда газ менен иштеген кошумча жылытуу системасын пайдаланабыз», — дейт Мирбек Асангариев.
Кыргызстан күндүн нурлануу деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул ишкерлерге күн энергиясын максималдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Андан тышкары, энергияны үнөмдөө үчүн көп функциялуу айнектер жана автоклавдык газоблоктор мейманканада колдонулган.
Кошумча түрдө, шамал генераторлорун пайдалануу да келечектүү багыттардын бири болуп саналат. Шамал энергиясы электр тармактарынан көз карандысыз болууга жардам берет жана кыш мезгилинде кошумча энергия булагы катары колдонулушу мүмкүн. «Биз биогаз системаларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатабыз. Бул технологиялар органикалык калдыктарды пайдаланып, электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө шарт түзөт», — деп белгилейт Мирбек Асангариев.
Жашыл энергетиканын дагы бир маанилүү аспекти – бул энергияны сактоо технологияларын колдонуу. Батареялар жана энергия сактоочу системалар күн энергиясынын ашыкчасын топтоп, аны түнкү убакта же күндүн нурлары жетишсиз учурда колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Бул мейманканалардын энергия менен үзгүлтүксүз камсыз болуусун камсыздайт жана эксплуатациялык чыгымдарды азайтат.
Жашыл энергетиканын бизнеске тийгизген таасири
Жашыл энергетика бизнеске бир катар маанилүү артыкчылыктарды алып келет. «Биринчиден, ал электр энергиясына болгон чыгымды кыйла төмөндөтөт. Күн жана шамал энергиясын колдонгон ишканалар узак мөөнөттүү келечекте электр энергиясы үчүн төлөнүүчү каражатты азайтып, инвестицияларын 5-7 жыл ичинде акташы мүмкүн», — деп белгилейт ишкер Мирбек Асангариев.
Ишкер Мирбек Асангариев
Экинчиден, жашыл энергетика бизнеске атаандаштык артыкчылык берет. Экологиялык жоопкерчилик кардарлар үчүн маанилүү фактор болуп бара жатат. Жашыл технологияларды колдонгон компаниялар экологияга кам көргөн бренд катары бааланып, көптөгөн кардарлар үчүн жагымдуу тандоо болуп калат. Туристтик сектордо бул өзгөчө маанилүү, анткени экотуризм жана туруктуу мейманканаларга болгон суроо-талап жылдан жылга өсүп жатат.
Үчүнчүдөн, жашыл энергетика бизнес үчүн финансылык туруктуулукту камсыз кылат. Электр энергиясынын баалары өзгөрүп турган шартта, кайра жаралуучу булактардан алынган энергия туруктуу жана алдын ала эсептөөгө мүмкүн болгон чыгымдарды камсыз кылат. Бул ишканалар үчүн күтүлбөгөн каржылык жүктөрдү азайтууга жардам берет.
Экологиялык жана социалдык аспекттер
Жашыл энергетиканы колдонуу айлана-чөйрөгө болгон терс таасирин азайтат. Кыргызстандагы негизги экологиялык көйгөйлөрдүн бири – абанын булганышы жана ыштын деңгээлинин жогору болушу. Өзгөчө кыш мезгилинде Бишкек жана башка ири шаарларда көмүрдүн жана мазуттун көп колдонулушу ыштын пайда болушуна алып келет. Күн жана шамал энергиясы сыяктуу альтернативдүү булактарды колдонуу менен бул көйгөйдү азайтууга салым кошууга болот.
Мындан тышкары, жашыл энергетика калктын ден соолугуна оң таасирин тийгизет. Абанын булганышы дем алуу органдарынын ооруларына алып келсе, кайра жаралуучу энергия булактары экологиялык таза технологияларды колдонуу менен бул тобокелчиликтерди азайтат. Ошондой эле, жашыл энергетиканын жайылышы айыл жергесинде жашаган адамдар үчүн туруктуу жана таза энергия булактарына жеткиликтүүлүктү камсыздайт.
Сүрөт CABAR.asia. Бишкек шаарындагы булганган аба
Социалдык жактан алганда, жашыл энергетика жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстанда күн жана шамал энергетикасы тармагында адистерге болгон муктаждык жогорулап жатат. Жашыл энергетика боюнча адистерди окутуп, квалификациялуу кадрларды даярдоо экономикалык өнүгүүнүн дагы бир булагына айланышы мүмкүн.
Жашыл энергетиканын кеңири колдонулушу айыл чарба секторуна да оң таасирин тийгизет. Мисалы, күн энергиясы менен иштеген суу насостору фермерлерге сугат системаларын жакшыртууга жардам берет. Бул азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө салым кошот.
Жыйынтыктап айтканда, жашыл энергетика Кыргызстан үчүн экологиялык жана социалдык жактан маанилүү тармак болуп саналат. Ал абанын булганышын азайтып, ден соолукту жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүп жана экономикалык өсүшкө көмөк көрсөтө алат. Кыргызстандагы ишкерлер жана өкмөт бул тармакка өзгөчө көңүл буруп, анын өнүгүүсүнө салым кошуусу зарыл.
Кыйынчылыктар жана чечүү жолдору тууралуу ишкер Мирбек Асангариев өз ойлору менен бөлүшөт.
1. Каржы жана инвестиция маселеси
• Күн панелдери жана жылуулук насостору баштапкы этапта чоң чыгым талап кылат.
• Жеңилдетилген насыялар, мамлекеттик колдоо программалары жана импорттук жабдууларга бажы жеңилдиктери болсо, бул тармак тезирээк өнүкмөк.
• Кыргызстанда кайра жаралуучу энергетика тармагына мамлекеттик деңгээлде көбүрөөк колдоо көрсөтүлсө, ишкерлерге инвестиция салуу жеңилирээк болмок.
2. Адистердин жетишсиздиги
• Жергиликтүү адистердин квалификациясын жогорулатуу керек.
• Кесиптик билим берүү мекемелери жашыл энергетика боюнча адистерди даярдашы зарыл.
• Энергетика тармагында заманбап технологияларды колдонгон адистерди окутуу жана алардын тажрыйбасын байытуу үчүн эл аралык окуу программаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу маанилүү.
3. Калктын маалымдуулугун жогорулатуу
• Маалымат жетишпегендиктен, ишкерлер жана жеке сектор жашыл технологияларга өтүүдөн чочулашат.
• Медиа жана мамлекеттик мекемелер коомчулукка кеңири маалымат таратышы керек.
• Кыргызстандагы аймактарда кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу боюнча атайын тренингдерди жана иш-чараларды уюштуруу керек.
• Ишкерлер үчүн жашыл энергетиканын пайдасы тууралуу мисалдар менен түшүндүрүлгөн программалар ишке киргизилиши керек.
Жашыл энергетиканы колдонууга ниеттенген ишкерлерге кеңештер
1. Адистер менен кеңешүү. Объектке жараша керектүү технологияларды аныктоо маанилүү. Кыргызстандагы климаттык шарттарга ылайыктуу жабдууларды тандап, тажрыйбалуу адистер менен иштөө маанилүү.
2. Экономикалык анализ жүргүзүү. Инвестициялардын кайтарымдуулугун эсептеп чыгуу керек. Айрыкча, Кыргызстанда жашыл энергетика жаатында мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген шарттарды изилдөө пайдалуу.
3. Субсидиялар жана жеңилдетилген насыялар жөнүндө маалымат алуу. Жашыл энергетиканы өнүктүрүү боюнча программалардан пайдаланып, чыгымдарды азайтуу мүмкүн. Кыргызстандын мамлекеттик жана эл аралык программалары тууралуу кеңири маалымат алып, колдоо алууга аракет кылуу керек.
4. Энергияны үнөмдөөчү кошумча чараларды көрүү. Мисалы, көп функциялуу айнектер жана жылуулукту жакшы кармай турган курулуш материалдарын колдонуу. Кыргызстандагы суук кышты эске алып, жылуулук насостору менен кошумча сактоочу системаларды киргизүү зарыл.
5. Жашыл энергетика боюнча илимий жана технологиялык жаңылыктарды көзөмөлдөө. Дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу менен, энергияны үнөмдөөчү жаңы технологияларды киргизүү керек. Кыргызстанда жаңы технологияларды тестирлөө жана аларды адаптациялоо үчүн жергиликтүү изилдөө борборлору менен кызматташуу сунушталат.
6. Коомчулукту маалымдоо жана колдоо топтоо. Жашыл энергетика боюнча иш алып баруу менен жергиликтүү жамааттарды жана мамлекеттик органдарды маалымдоо маанилүү. Жергиликтүү колдоонун болушу долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусуна өбөлгө түзөт.
Жашыл энергетика – бул узак мөөнөттүү келечекке багытталган чечим. Ал электр энергиясына болгон чыгымды азайтып, экологиялык туруктуулукту камсыз кылат. Кыргызстандагы ишкерлер жана курулуш тармагы жашыл технологияларды колдонууга көбүрөөк көңүл буруусу зарыл. Бул экономикалык жана экологиялык жактан пайдалуу чечимдердин бири болуп саналат. Кыргызстан шарттарына ылайыкташтырылган инвестициялар, адистерди окутуу жана маалыматтык колдоо бул тармактын өсүүсүнө чоң өбөлгө түзөт.
Айгерим Кубатбекова, Айпери Марлесова
Редактору: Назира Жусупова