Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында жыйын болуп өттү. Анда Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы 2024-жыда аткарылган иштер боюнча маалымат берип, 2025-жылда аткарыла турган иш пландарды айтып өттү. Жыйында акимге, айыл өкмөт башчыга Кулатов айылынын тургундары тарабынан электр энергиясы, турак жай курууга жер тилкесин берүү, билим берүү мекемелеринин имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жолго тиешелүү маселелер көтөрүлдү.
Жыйынга Ноокат районунун акими Субагожоев Жакыпбек Мойдунович, Райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Кааров Баатырбек, Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы Абсатар Эшимбаев жана Кулатов айылынын тургундары катышты.
Жыйын учурунда
Жыйын учурунда
Жыйын учурунда
Ак-Чал айылынын тургуну Майрам Рысова:
Майрам Рысова
«Бүгүнкү жыйын жылдагы өтүп жаткан жыйындардан өзгөчө болду. Айыл өкмөт башчыбыз 2024-жылы болуп өткөн иш планды элдерге так даана айтып өттү. Жыйында акимибизге, айыл өкмөт башчыбызга айтылган көйгөйлүү маселелер аткарылууга алынды» — деп билдирди.
Жыйын учурунда
Жыйын учурунда
Даярдаган: Көчкөнбаева Жумагүл Абсатаровна